Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,430 Бардыгы / 2022- жылдын 20- январында №46-« Багы- Шамал»жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-4- класс окуучулары арасында башталгыч класстарда окуу жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында «Окуу керемет» долбоору алкагында «Китеп куржуну» аттуу музыкалык адабий кече өткөрүлдүү. Кеченин максаты: 1.Окуучуларды китеп окуганга кызыгуулары артат. 2.Өз ойлорун так айтууга эркин ,пикирлөөгө уйрөнүшөт. […]
3,431 Бардыгы / 2022- жылдын 20- январында №46-« Багы- Шамал»жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-4- класс окуучулары арасында башталгыч класстарда окуу жана жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында «Окуу керемет» долбоору алкагында «Китеп куржуну» аттуу музыкалык адабий кече өткөрүлдүү. Кеченин максаты: 1.Окуучуларды китеп окуганга кызыгуулары артат. 2.Өз ойлорун так айтууга эркин ,пикирлөөгө уйрөнүшөт. […]
«КИТЕП КУРЖУНУ» АТТУУ МУЗЫКАЛЫК АДАБИЙ КЕЧЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
16.02.2022 / Автор anarkan_kg![«КИТЕП КУРЖУНУ» АТТУУ МУЗЫКАЛЫК АДАБИЙ КЕЧЕ ӨТКӨРҮЛДҮ](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2022/02/image.png)
![«КИТЕП КУРЖУНУ» АТТУУ МУЗЫКАЛЫК АДАБИЙ КЕЧЕ ӨТКӨРҮЛДҮ](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2022/02/image.png)
3,432 Бардыгы /
2022- жылдын 20- январында №46-« Багы- Шамал»жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-4- класс окуучулары арасында башталгыч класстарда окуу жана жазуу көндүмдөрүн
өнүктүрүү максатында «Окуу керемет» долбоору алкагында «Китеп куржуну» аттуу музыкалык адабий кече өткөрүлдүү.
Кеченин максаты:
1.Окуучуларды китеп окуганга кызыгуулары артат.
2.Өз ойлорун так айтууга эркин ,пикирлөөгө уйрөнүшөт.
3.Китепти сүйүүгө жана аны эң жакын дос катары билүүгө тарбия алышат.
«Билим бөлүшкөн сайын көбөйөт,ал эми алтын бөлүшкөн сайын азаят» деп айтылгандай,билим алгандан, аны бөлүшкөндөн эч качан тажабагыла,-деген учкул сөздөр менен мектебибиздин китепканачысы Г. Жамолиддинова кечени ачып берди. Ал кечеге келген энелерге жана окуучуларга «Окуу керемет» долбоору тууралуу түшүнүк берди .
Бизге «Окуу керемет» долбоору тарабынан миңдеген китептер келген, алардын бардыгы кызыктуу. Алардын ар баары балдардын жашына жана деңгээлине жараша жазылгандыгын билдирди. Кечени 4-класс окуучулары улантышты. Алар сахнага токойдун жапайы жаныбарлары кийиминде кириб келишти. Кечеге катышуу максатында ызы- чуу салышты. Мугалим аларга коноктор бар экендигин түшүндүрүп, акылдуу , адептүү болуу керектиги жөнүндө айтты. Жапайы жаныбарлар жана окуучулар менен жомок сахналаштырылып,
мугалимдерге төмөндөгүчү кызыктуу суроолор беришти :
- Алгачкы окуган жомогуңуз кайсы?
- 1- класста биринчи жаттаган ырыңызды айтып бериңиз?
- Кайрадан жашарып калсаңыз эмне кылар элеңиз?
Ушундай кызыктуу суроолор менен кечени 3- класс окучулары улантышты.
«Окуу керемет» долбоору алкагында берилген китептерди окуу боюнча уюштурулган ушул
кечеде 12 окуучу активдүү катышты . Өздөру тарткан сүрөттөрү менен көркөм ыр айтып
беришти . Алардын ичинен Бибисора өзунун тарткан сүрөтү менен окуянын картасын
көркөм баяндап берсе, Робия «Бака» ырын рол менен аткарып берди.Жогоруда айтылган
класстын кыздары «Сардал кыз» бийине сонун бийлеп беришти.
Ушундай жарык маанай менен кечени 1-2- класстардын катышуучулары улантышты .2- класс
окуучулары «Санактар» атту китептен кызыктуу табышмактуу ырларды көркөм айтышты.
Кечени эң жаш катышуучусу 6 жаштагы Абубакир үй бүлөсү менен чогу тартышкан сурөтү
аркылуу орус тилинде «Абышканын көмөчү» жомогун ролдоштуруп көркөм айтып берди.
1- класстын окуучу кыздары «Курак» бийин сонун аткарып берди.
Кеченин аягында ата –энелерге сөз берилди. Мектепте ушундай кечелер улам өтүлүп
түрүлсө ,ата –энелер дагы активдүү катышып берет, деп пикир айтышты.
![](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2022/02/image-1-1024x1024.png)
![](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2022/02/image-1-1024x1024.png)
![](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2022/02/image-2-1024x1024.png)
![](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2022/02/image-2-1024x1024.png)
![](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2022/02/image-3-1024x1024.png)
![](https://aimak.kg/wp-content/uploads/2022/02/image-3-1024x1024.png)
Ала-Бука району №46 Багы Шамал орто мектеби Кучкарова Мохичехра Башталгыч класстын мугалими
Автор anarkan_kg
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
02.08.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНГА ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНАН КЕЗЕКТЕГИ АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРДАМЫ КЕЛДИ
-
26.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНУНДА ЖАЙЫТТАР ЖАНА ТОКОЙЛОР ЖАКШЫРТЫЛАТ
-
-
-
-
09.08.2023 / Автор Orozaly КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫНДАГЫ ӨТКӨРМӨ БЕКЕТТЕРИНИН ИШИ УБАКТЫЛУУ ӨЗГӨРӨТ
-
Маек
Самат МАКЕШОВ: “УЛУУ ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНА ЧЕЙИНКИ КАНАЛДАРДЫ ДАГЫЛЕ ПАЙДАЛАНЫП КЕЛАТАБЫЗ!”
Өзгөн району – Ош облусундагы эң чоң Аймактардын бири. Андыктан,…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.