Аймак

ЖОГОРКУ СОТТУН ТӨРАГАСЫ ОШТУК КЕСИПТЕШТЕРИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

ЖОГОРКУ СОТТУН ТӨРАГАСЫ ОШТУК КЕСИПТЕШТЕРИНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

 2,037 Бардыгы /

ОШ. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ош облустук сотунда жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен өзүнчө жыйын өткөрдү.

Адегенде Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ош облустук сотундагы санариптештирүү жараяны менен жеринде кеңири таанышып, сот отурум залдарын, аудио жана видео жаздыруу, иштерди автоматтык бөлүштүрүү жана автоматташтырылган маалыматтык системаларынын иштешин, имараттын ички-сырткы абалы, судьялардын, аппарат кызматкерлеринин иш бөлмөлөрү жана облустук соттун архиви менен жакындан таанышты. Анжан ары өлкөбүздүн башка аймактарынан ротацияланып келишкен  судьялар иштерди өз мөөнөтүндө гана карап, адилеттүү, негиздүү жана мыйзамдуу чечимдерди гана кабыл алыш зарылдыгын дагы абдан катуу эскертти.

-Соттор контрабанда боюнча жазык иштерди караганда өкүм, же токтом чыгарганда Жазык-процесстик кодексинин 88-беренесин бузуп, маңзат сыңары алынган далил буюмдар мамлекеттин пайдасына конфискация болгонбу, же буюмдар ээсине кайтарылып берилгенби, өкүмдө жана токтомдордо так көрсөтүлбөй калган фактылар бар экен. Мындан тышкары жашы жете элек өспүрүмдөргө карата зордуктоо иштеринде дагы, жазык ишти жакшы изилдебей, Жазык жана Жазык-процессуалдык мыйзамдарды бузуу менен туура эмес токтом чыгарган учурлар дагы аныкталып олтурат. Андыктан, ар бир ишти дыкаат карап, мындан ары мыйзамдуу чечимдерди гана чыгарышыңар абзел! – деп милдеттендирди Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков.

Баса, Ош облустук сотуна 13 судья Бишкек шаарынан, Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарынан ротацияланып келишти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17