Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

НООКАТТА ВИРУСОЛОГИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ ИШКЕ КИРИШТИ

НООКАТТА ВИРУСОЛОГИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ ИШКЕ КИРИШТИ

 312 Бардыгы /

ОШ. Ноокат райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык Көзөмөл борборунда заманбап вирусологиялык лаборатория ишке киргизилди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын “COVID-19 учурунда чукул жардам” долбоорунун алкагында курулган. Министрликтен тастыкташкандай, бул лаборатория ILAB маалымат системасына туташтырылган.

Ошентип, бул лабораториялык маалыматтык тутумдун артыкчылыгы – паспорттук маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системасы менен туташып, техникалык каталарды жокко чыгарат. Система бейтаптын паспорттук маалыматтарын өзү киргизет. Бейтаптар лабораторияга келбей эле ПЧР анализинин жыйынтыгын өздөрү  басып чыгарып ала алышат. Бул адамдар менен ашыкча жана түз байланышты дагы жокко чыгарат. Бул лаборатория үчүн дагы жана бейтап үчүн дагы өтө эле ыңгайлуу. Кошумчалай кетээрибиз, бул лабораториялар “COVID-19суз саякаттоо” тиркемесине туташтырылган.

Белгилей кетчү жагдай: республика боюнча бардыгы он жаңы ПЧР лабораториясын куруу пландаштырылууда. Ушул тапта Каракол, Талас, Ысык-Ата, Жайыл, Сокулук, Ноокаттагы лабораториялардын курулушу аяктады. Келечекте бул лабораториялар коронавирустук инфекциянын лабораториялык диагностикасынан тышкары башка инфекцияларды (сасык тумоо, кызамык, кызылча, гепатит жана башкалар) ПЧР аркылуу аныктайт деп күтүлүүдө.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17