Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

ИИМ: АРДАГЕРЛЕРГЕ ТУРАК ЖАЙ БЕРҮҮ МАСЕЛЕСИ УЧУРДА КАРАЛУУДА

ИИМ: АРДАГЕРЛЕРГЕ ТУРАК ЖАЙ БЕРҮҮ МАСЕЛЕСИ УЧУРДА КАРАЛУУДА

 864 Бардыгы /

БИШКЕК. ИИОнун кызматкерлерине, айрыкча ардагерлерге турак жай берүү маселеси министрликте каралууда. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын К.Акиев 1а дареги боюнча жайгашкан ИИМдин турак жай фондунун объектилери (216 батир) “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында, белгиленген тартипте тескеме менен “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүп берилген.
“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилүүчү турак жай фондунун объекттерин максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана эркин жалданма курамынын кызматчыларына тескеме менен өткөрүлүп берилген турак жайды алууга артыкчылыктуу укук берүү
сунушталгандыгына байланыштуу 216 батир “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан аныкталган тартипте бөлүштүрүлөт. Учурда ИИОнун Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан бөлүктөрүнүн турак жайга муктаж болгон адамдарынын тизмелери чогултулуп өзгөртүүсүз жана эч кимисин тизмеден албай, 216 батирди бөлүштүрүү үчүн “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна жөнөтүлгөн. Бул тизмелерде жалпысы 1700дөн ашуун кызматкерлер, жумушчулар, ардагерлер, жеңилдик берилген категориядагылар (жесирлер, майыптар, көп балалуу үй-бүлөлөр) катталып турат. Ошондой эле ИИМ тарабынан турак жайга муктаж болгон ардагерлерге, жеңилдик берилген категориядагыларга (жесирлер, майыптар, көп балалуу үй-бүлөлөр) “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан батир бөлүүгө көмөк көрсөтүү тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А. Касымалиевдин дарегине кайрылуу жөнөтүлгөн. Ички иштер министрлиги көтөргөн бул маселе жакын арада
координациялык кеңеште каралат.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 623т тескеменин 4 пунктуна ылайык, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилүүчү турак жай фондунун объекттерин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана эркин жалданма курамынын кызматчыларына ушул
тескеме менен өткөрүлүп берилген турак жайды алууга артыкчылыктуу укук берүү сунушталгандыгына байланыштуу, бүгүнкү күнү 216 батир “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКты тарабынан ИИОнун ардагерлерине, жеңилдик берилген категориядагыларга (жесирлер, майыптар, көп балалуу үй-бүлөлөр) дагы батир бөлүнүүсү боюнча министрликтин жетекчилиги
тарабынан сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17