Аймак

“КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ААКта 100 КҮН АРАЛЫГЫНДА АТКАРЫЛГАН ЖУМУШТАР

“КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ” ААКта 100 КҮН АРАЛЫГЫНДА АТКАРЫЛГАН ЖУМУШТАР

 4,956 Бардыгы /

“Кыргызнефтегаз” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов акционердик коомдун карамагында турган баардык мекемелердеги эмгек жамааттары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Нишанов 2023-жылдын I кварталынын өндүрүштүк- экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп өттү.

“Кыргызнефтегаз” ишканасы 2023-жылдын 1-кварталында 39 708 тонна мунай өндүрүү пландалса, а бирок иш жүзүндө 43 943 тоннага аткарылып, башкача айтканда планга салыштырмалуу 4 235 тонна көп өндүрүлүп, биринчи үч айлыкта чийки мунайды өндүрүү 110,7% аткарылды. Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания 1-кварталда 9 млн. 634 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 142,7%ды түзүүдө», -деп белгилеп өттү төрага Н.Нишанов.

Жалпылап айтканда 2023-жылдын 1-кварталында таза киреше 549,2 млн. сом пландалса, үч айлыктын жыйынтыгында 855,2 млн. сом таза киреше табууда. Белгиленген план 155,7%га аткарылган.

Н.Нишанов ошону менен катар жумушчуларга жакшы шарттарды түзүп берүү максатында алдыда чоң жумуштар аткарылып “Зорька” лагеринде жаңы катедждер курулуп бүткөндүгүн, ошондой эле жумушчуларды эс алдыруу үчүн Ысык-Көл аймагынан пансионат сатып алуу жумуштары жүрүп жатканын белгилеп, жыйындын жүрүшүндө жумушчулардын суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17