Аймак

БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

БАТКЕНДЕ  ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

 1,098 Бардыгы /

          БАТКЕН. Баткен обулусунун Баткен районуна караштуу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа  айылында  225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу башталды.  Мектептин курулушуна капсула салуу аземине жергиликтүү жеткечилер, Жогорку Кеңеш депутаты жана АРИС уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү  тургундар  дагы катышышты.  

Мектеп үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтү тарабынан 1,4 гектар жер аянты ажыратылган. Курулуучу мектеп эки кабаттан турат. 225 орунга  ылайыкташтырылган. Мектепти  куруу мөөнөтү  2023-жылдын апрель–август айлар аралыгы деп белгиленген. Курулуштун тендердик баасы  83,2  миллион сом.

Белгилей кетчү жагдай: 2021-жылы курулган мектеп, өткөн жылда  чек арадагы куралдуу жаңжалда тегиз өрттөлүп. талкаланган эле. Ошондуктан, бул билим журту Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен АРИС уюму тарабынан каржыланат. 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17