Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МАШЫГУУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 954 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 27-апрелде өлкөгө куралдуу кылмышкерлер кол салган учурда, массалык баш-аламандыктар орун алганда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын аткара турган жумуштары практика түрүндө көрсөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан 25-27-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагында “Кыргыз Республикасынын айрым райондорунда өзгөчө абалды киргизүү шарттарында аскердик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын иши” темасында “Коопсуздук-2023” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүлдү.

Практикалык машыгууга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов катышты.

Жыйынтыктоочу жыйын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында болуп, машыгууга активдүү катышкандар бир катар сыйлыктар менен сыйланышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17