Аймак

ОШ ОБЛУСУНДА 1,4 ГЕКТАР АЯНТКА ЗАМАНБАП ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР КУРУЛАТ

ОШ ОБЛУСУНДА 1,4 ГЕКТАР АЯНТКА ЗАМАНБАП ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР КУРУЛАТ

 702 Бардыгы /

          ОШ. Ош облусунун Кара-Суу районунда ири жана заманбап логистикалык борбор курулат. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиришти.

          Министрлер кабинетинин чечимине ылайык Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай багытындагы жерлер» категориясына которулганы аныкталды.

          Ошентип, заманбап логистикалык борбордун курулушу Ош облусуна кеңири инвестиция тартып, жаңы ишканалардын ачылышына, заманбап жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө дагы шарт жаратмакчы. Бул логистикалык борборду курууга 1,4 гектар жер ажыратылды.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17