Өлкө аймактары менен кубаттуу
БҮГҮН СУЗАКТА БИТУМ ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОД АЧЫЛДЫ
МУФТИЯТТА CALL-БОРБОРУ ИШКЕ КИРИШТИ
- ticket title
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
1,189 Бардыгы / Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) “Чекит медиа” жана анын журналисти Асел Сооронбаеванын фейк-фабрика тууралуу кезектеги иликтөөсүнө жооп берди. Мекеменин билдирүүсү анын Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды. УТРК аталган программада айтылгандай эле WhatsApp мессенжеринде телеканалдын атайын “УТРКны таанытуу” деген тайпасы бар экенин ырастайт. Ошол эле маалда медиа ал бийликти жактап, башкаларды каралоо максатында эмес, корпорациянын өзүн таанытуу […]
1,190 Бардыгы / Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) “Чекит медиа” жана анын журналисти Асел Сооронбаеванын фейк-фабрика тууралуу кезектеги иликтөөсүнө жооп берди. Мекеменин билдирүүсү анын Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды. УТРК аталган программада айтылгандай эле WhatsApp мессенжеринде телеканалдын атайын “УТРКны таанытуу” деген тайпасы бар экенин ырастайт. Ошол эле маалда медиа ал бийликти жактап, башкаларды каралоо максатында эмес, корпорациянын өзүн таанытуу […]
УТРК “ЧЕКИТ МЕДИАНЫН” ФЕЙК-ФАБРИКА ТУУРАЛУУ ИЛИКТӨӨСҮНӨ ЖООП БЕРДИ
03.08.2023 / Автор anarkan_kg1,191 Бардыгы /
Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) “Чекит медиа” жана анын журналисти Асел Сооронбаеванын фейк-фабрика тууралуу кезектеги иликтөөсүнө жооп берди. Мекеменин билдирүүсү анын Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.
УТРК аталган программада айтылгандай эле WhatsApp мессенжеринде телеканалдын атайын “УТРКны таанытуу” деген тайпасы бар экенин ырастайт. Ошол эле маалда медиа ал бийликти жактап, башкаларды каралоо максатында эмес, корпорациянын өзүн таанытуу максатында түзүлгөнүн билдирди.
“Аты айтып тургандай эле, бул тайпа Улуттук телерадиоберүү корпорациясын таанытуу жана даярдалган материалдарды жайылтуу, таратуу максатында түзүлгөн. “Комментарий жазгыла, бөлүшкүлө” деген буйрутмалар УТРКда даярдалган продукцияларга карата гана айтылат. “Чекит медиа” жана Асель Сооронбаева өзү билип, тыянак чыгаруудан мурда бизге байланышып, тактап алса туура боло турганын билдиребиз. Бул тайпага УТРКда эмгектенген кызматкерлер кошулган. Бүгүнкү замандын талабын, социалдык медианын күчүн эске алуу менен УТРК өзү даярдаган материалдарын, жасалып жаткан жаңыланууларды, эл аралык ишмердүүлүгүн ушундай ыкма менен таратууну колго алган. Асель Сооронбаеванын “WhatsApp тайпа бийликтин оппоненттерин каралоо максатында иштейт” дегени чындыкка коошпойт”, – деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.
Мунун алдында “Чекит медиа” платформасы фейктерге байланыштуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялаган. “Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?” деген аталыштагы программанын экинчи чыгарылышында да социалдык тармактарда фейк аккаунттар бийликти мактап, ага каршыларды каралап жатканын, бул үчүн “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин, Улуттук телерадио корпорациясынын жана ар кайсы министрликтин кызматкерлери да тартылып жатканын баяндалган. Аталган мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү программанын ичинде муну төгүнгө чыгарышкан.
“Чекит медиа” платформасы биринчи иликтөөсүн 20-июнда жарыялаган. Анда да журналист Асель Сооронбаева Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматты социалдык медиа аркылуу жайылтуучу бөлүм менен бийликтин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышын иликтеп чыккан.
Программада 2022-жылы ноябрда жаңы бөлүмдүн ишке кириши менен бийликти мактаган окшош билдирүүлөр социалдык тармактарда журналисттердин өздөрүнүн атынан да, ошол эле учурда фейк-аккаунттар тарабынан да көп бөлүшө баштаганын аныктаган. Ошондой эле иликтөөдө фейк-аккаунттар менен УТРКнын SMM бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин түздөн-түз байланышын фактылар менен көрсөтүп берген.
Берүүдө фейк-фабриканын артында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков турабы деген суроо да көтөрүлүп, аны Орунбековдун четке каккан жообу кошо берилген. Орунбеков менен УТРК муну ошондо да төгүндөп чыккан.
Кыргызстандагы жети редакцияны бириктирген Checkit Media платформасы быйыл февралда фейк жана манипуляция менен күрөшүү максатында түзүлгөн. “Интерньюстун” “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашкан платформага Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg, “Апрель ТВ”, Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары кирет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
04.09.2023 / Автор anarkan_kg КОЧКОР-АТА ШААРЫНДА НЕФТИЧИЛЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
-
30.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна БҮГҮН СУЗАКТА БИТУМ ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОД АЧЫЛДЫ
-
30.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЛЕЙЛЕКТЕГИ ЖАПАДАН ЖАЛГЫЗ ЛИЦЕЙ АВАРИЯЛЫК АКЫБАЛДА
-
04.09.2023 / Автор anarkan_kg СУЗАКТАГЫ УУЛУУ ХИМИКАТТАР КӨМҮЛГӨН ЖЕРЛЕРДИН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ КАНДАЙ?
-
11.09.2023 / Автор anarkan_kg СОЧИ ШААРЫНДА «ЕВРАЗИЯ – БИЗДИН ҮЙҮБҮЗ» АТТУУ КӨРГӨЗМӨ ӨТҮП ЖАТАТ
-
Маек
Эркин ЭШИЕВ: “ТҮЗ БАЙЛАНЫШ МАСЕЛЕНИ ШЫР ЧЕЧЕТ!”
Өлкөбүздө жүрүп жаткан Административдик жана аймактык реформага ылайык Ош облусуна…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.