Аймак

«ОШ СИТИ» АКЫЛДУУ ШААРЧАСЫН КУРУУ СУНУШ ЭТИЛДИ

«ОШ СИТИ» АКЫЛДУУ ШААРЧАСЫН КУРУУ СУНУШ ЭТИЛДИ

 762 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан куралган “Ош Сити” акылдуу шаарчасын куруу акыры сунуш этилди. Бул жөнүндө Ош шаарынын административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоорун талкуулоо учурунда демилгеленди. Ошентип, аталган жыйында шаардын 2025-жылга чейинки Башкы планы көрсөтүлүп, анда калаанын аймагын мындан7 ары кеңейтүү, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруу менен шаардын калкын 1 миллион адамдан ашыруу максаты дагы кошо айтылды.

Сунушталган инвестициялык долбоорлордун арасында Кргызстандагы ири шаарлардагыдай “Ош Сити” деп аталган акылдуу шаарчасын куруу демилгеси дагы бар. Анда 500дөн ашык көп кабаттуу турак жай салуу пландалган. Мында жалпысынан 250 миңдей адам жашай тургандыгы, долбоорго кеминде 2 миллиард доллар каражат жумшалаары кабарланат. Бироку, инвесторлор бар-жок экендиги туурасында маалымат берилген жок! Мындан тышкары калаанын түндүк-батыш жагында өнөр жай-соода зонасын куруу, жаңы кичи райондорду салуу, чыгыш стилиндеги муниципалдык базар куруу жана башка сунуштар дагы  бар.

Ушул тапта Ош шаарында 600дөн ашык көп кабаттуу турак жай бар. Улуттук статистика комитетинен маалымдашкандай, 2023-жылы Кыргызстандын Түштүк башкалаасында жашагандардын саны дээрлик 360 миңден ашты. Ал эми бейрасмий маалыматтарда шаарда жашагандардын саны 500 миңден көп экендиги айтылып жүрөт.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17