Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
955 Бардыгы / БАТКЕН. АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери жана Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдарбек Гыязов университеттин студенттери жана кызматкерлери менен биргеликте Баткен Америка Бурчунун Кыргыз Республикасындагы сегиз америкалык мейкиндиктин бири катары расмий таанылышын баска белгилешти. Салтанат маалында АКШнын элчичс Вигери ректор Гиязовго жана Баткен Америка борборуна жаңы камера, проектор жана микрофондорду тапшырды. Булар эми […]
956 Бардыгы / БАТКЕН. АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери жана Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдарбек Гыязов университеттин студенттери жана кызматкерлери менен биргеликте Баткен Америка Бурчунун Кыргыз Республикасындагы сегиз америкалык мейкиндиктин бири катары расмий таанылышын баска белгилешти. Салтанат маалында АКШнын элчичс Вигери ректор Гиязовго жана Баткен Америка борборуна жаңы камера, проектор жана микрофондорду тапшырды. Булар эми […]
АКШнын КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ЛЕСЛИ ВИГЕРИ БАТКЕНДЕГИ АМЕРИКА БУРЧУНУН РАСМИЙ ТААНЫЛЫШЫНА ТЕРЕҢ ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫН ШАРДАНА КЫЛДЫ
20.10.2023 / Автор anarkan_kg

957 Бардыгы /
БАТКЕН. АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери жана Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдарбек Гыязов университеттин студенттери жана кызматкерлери менен биргеликте Баткен Америка Бурчунун Кыргыз Республикасындагы сегиз америкалык мейкиндиктин бири катары расмий таанылышын баска белгилешти. Салтанат маалында АКШнын элчичс Вигери ректор Гиязовго жана Баткен Америка борборуна жаңы камера, проектор жана микрофондорду тапшырды. Булар эми жергиликтүү тургундар үчүн алардын долбоорлорун колдоо максатында гана пайдаланылмакчы.
2018-жылдын март айында АКШ элчилиги Баткен мамлекеттик университетинде Америка ресурстук борборунун ачылышына грант ажзыраткан. Бул аралыкта Баткен Америка Ресурстук Борбору аймактын тургундары үчүн Америка маданияты менен тааныштырган маанилүү маалымат булагына айланды. 2020-жылы АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги менен Баткен мамлекеттик университетинин жетекчилиги Программаларды, техникалык колдоону жана алмашуу мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу максатында АКШнын Мамлекеттик департаментинин Америка мейкиндиктери кеңсесинин колдоосун кеңейтүү боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандумуна дагы кол коюшкан. Бул Меморандумду жүзөгө ашыруунун алкагында Баткен Америка Ресурстук Борбору Баткен Америка Бурчу деп аталып, расмий түрдө Кыргыз Республикасындагы АКШ өкмөтү тарабынан колдоого алынган сегиз Америка борборлорунун бири болуп калды.
Кызыл тасманы кесүү аземинде АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери Баткен мамлекеттик университети менен ЖОЖдун студенттерине гана эмес, Баткен облусунун жергиликтүү коомчулугуна дагы кызмат көрсөткөн АКШ элчилигинин Америка борборунун ортосунда өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
- Америкалык бурчтар Америка жана Кыргыз элинин ортосундагы
өз ара түшүнүшүүнүн жакшырышына салым кошуп жаткан чагы. Ал эми АКШ элчилиги бул жерде сунуш кылган программалар — англис тили программалары, баарлашуу, маданий иш-чаралар, жаштарды тартуу, кесиптик даярдоо жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу курстары — чынында эле элдин жашоосуна чоң өзгөрүүлөрдү алып келет, – деп баса белгиледи АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери.
Аталган иш-чарада Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдарбек Гыязов дагы: – Баткен Америка борбору Баткен облусунун маданий-агартуу программасынын негизги чыгармачыл борбору болуп калды деп сыймыктануу менен айта алабыз, – деп баса белгиледи.
Ошентип, АКШ элчилигинин Америка бурчтары программасына Баткенден тышкары Бишкек, Жалал-Абад, Каракол, Кант, Нарын, Ош жана Талас шаарларындагы мейкиндиктер дагы кирет. Америкалык бурчтар бардык курактагы коноктор үчүн ачык жана англис тилин өркүндөтүүнү, Америка Кошмо Штаттары тууралуу маалымат алууну, билим алуу же алмашуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө көбүрөөк билүүнү, инновациялык жана техникалык программаларга катышууну каалаган кыргызстандыктар үчүн мыкты булак болуп саналат. Америкалык бурчтардын программалары медиа сабаттуулук боюнча билим берүүнү камтыйт, бирок алар менен чектелбей илим, техника, технология жана математика боюнча семинарларды, англис тили жана маданияты боюнча аймактык жана улуттук программаларды, англис тили клубдарды уюштурат. Бардык Америка бурчтары бекер интернет, ноутбуктарды, окуу куралдарды, англис тилин үйрөнүү жана үйрөтүү үчүн материалдарды, ошондой эле америкалык авторлордун кыргыз тилине которулган китептерди сунуштайт. Бардык ресурстар жана программалар акысыз.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА МУНИЦИПАЛДЫК КҮРӨШ ЗАЛЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
19.06.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДА СЕЛДЕН УЛАМ ЖАБЫЛГАН ЖОЛ КАЙРА АЧЫЛДЫ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК ОФИЦЕР ПАРА ТАЛАП КЫЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.