Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

КАРА-СУУ БАЗАРЫНЫН СООДАГЕРЛЕРИ НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ

КАРА-СУУ БАЗАРЫНЫН СООДАГЕРЛЕРИ НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫГЫШТЫ

 426 Бардыгы /

Ош облусунун Кара-Су районундагы Кара-Суу базарында иштеп жатышкан ондогон соодагерлер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экендигин билдирип, кечээ. 29-ноябрда Кара-Суу райондук мамлекеттик акимчилигинин алдына нааразычылык акциясына чыгышты.

    Нааразычылык акциясына катышкан ишкерлер – соодагерлер ККМге каршы экендиктерин жана 2024-жылдан баштап буга чейин калып калган товарлардын эсеп-фактурасы жок болсо айып салынат деген чечимге каршы болуп жатышкандыгын ачык айтышты. Ишкерлердин айрымдары а түгүл райакимчиликтин имаратына дагы киришип, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бетме-бет жолугушушту.

    Айтмакчы. Кара-Суу базары – Борбор Азиядагы эң ири соода жайларынын бири. Анда 5 миңден ашык киши эмгектенет. Кыргызстандын бийлиги соёку эки жылдан   бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) дагы киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.

    ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17