Аймак

ЧАТКАЛДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

ЧАТКАЛДА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

 366 Бардыгы /

Чаткал районунун Жаңы – Базар айылында “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюму буга чейин бир үйдө баш банектеп келген болсо, эми жаңы имаратка ээ болушту. Бул тууралуу Чаткал райадминистрациясынан маалымдашты.

“Баластан”бала бакча буга чейин 3 саат гана же болбосо кыска мөөнөткө балдарды тарбиялоо мүмкүнчүлүгү болгон. Эми алар жаңы имаратта 10 сааттык билим-тарбия алууга шарт жаралды.

“Баластан” МЧББУнун имаратынын ачылуу аземине Чаткал районунун акими А.Сеңирбаев, айыл аймагынын башчылары, жергиликтүүлөр катышты.

Район башчысы келечек ээлеринин тамак-ашы сапаттуу жасалып, мөмө -жемиштер кошулуусу керектигин айтты. Анткени жаш жеткинчектердин келечегине мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Сөзгө чыккан жергиликтүүлөр райондо өнүгүүлөр болуп, мындай бала бакчалардын байма -бай ачылып жатканына кубанышып, ыраазычылык билдиришти.

Айта кетсек, 2023-жылдын август айынан бери райондо 12 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылган.

Чаткал району боюнча жалпы 3 977 бала 22 мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбияланат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17