Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
670 Бардыгы / Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Парламенттин сайтындагы маалыматка караганда, документ былтыр 15-декабрда каттоого алынган. Долбоордун маалымкат-негиздемесинде азыр иштеп жаткан мыйзам 1992-жылы кабыл алынганы, медиа тармагындагы андан берки өзгөрүүлөр мыйзамда камтылбай калганы жазылган. Жаңы сунушталып жаткан долбоордо журналисттин социалдык жоопкерчилигин жана укуктук маданиятын калыптандыруу максаты коюлганы айтылат. […]
671 Бардыгы / Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Парламенттин сайтындагы маалыматка караганда, документ былтыр 15-декабрда каттоого алынган. Долбоордун маалымкат-негиздемесинде азыр иштеп жаткан мыйзам 1992-жылы кабыл алынганы, медиа тармагындагы андан берки өзгөрүүлөр мыйзамда камтылбай калганы жазылган. Жаңы сунушталып жаткан долбоордо журналисттин социалдык жоопкерчилигин жана укуктук маданиятын калыптандыруу максаты коюлганы айтылат. […]
“ЖМК ЖӨНҮНДӨ” ӨКМӨТ СУНУШТАГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТҮШТҮ
10.01.2024 / Автор anarkan_kg

672 Бардыгы /
Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү. Парламенттин сайтындагы маалыматка караганда, документ былтыр 15-декабрда каттоого алынган.
Долбоордун маалымкат-негиздемесинде азыр иштеп жаткан мыйзам 1992-жылы кабыл алынганы, медиа тармагындагы андан берки өзгөрүүлөр мыйзамда камтылбай калганы жазылган. Жаңы сунушталып жаткан долбоордо журналисттин социалдык жоопкерчилигин жана укуктук маданиятын калыптандыруу максаты коюлганы айтылат.
55 беренеден турган мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жана ишмердигин жүргүзүү, журналисттердин милдети жана укугу каралган. Долбоорго ылайык, маалымат сайттары тармактык жалпыга маалымдоо каражаты катары Санариптик өнүктүрүү министрлигинин каттоосунан өтүшү керек. ЖМК катары каттоодон өтүү үчүн арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилет.
Мыйзам долбоорунда “Сөз жана басма сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жоопкерчилик” деген берене да каралган. Документте маалымат каражаттарынын иштөө тартиби, жалпы түшүнүктөр жазылган.
Мыйзам долбоорунда “өз оюн эркин билдирүүнү, сөз жана басма сөз, маалыматты алуу жана жайылтуу эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбей турганы” белгиленген. Жалпыга маалымдоо каражаттарын ар кандай кызыкчылыктар үчүн пайдаланууга тыюу салынары жазылып, анын ичинде “бийликти зомбулук менен басып алууга же Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүн зомбулук менен өзгөртүүгө, массалык башаламандыктарды уюштурууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды жайылтуу үчүн” деген да сүйлөм кошулган.
Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов жетекчи болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.
Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик – 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.
Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
08.10.2024 / Автор anarkan_kg АЯРЛУУ КАТМАРДАГЫ 100 ҮЙ- БҮЛӨГӨ АЗЫК-ТҮЛҮК БЕРИЛДИ
-
-
21.10.2024 / Автор anarkan_kg МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ЖАҢЫ КЫЗМАТТЫК УНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.