Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАҢЫ МУФТИЙИНЕ АБДУЛАЗИЗ ЗАКИРОВ ШАЙЛАНДЫ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАҢЫ МУФТИЙИНЕ АБДУЛАЗИЗ ЗАКИРОВ ШАЙЛАНДЫ

 495 Бардыгы /

БИШКЕК. Белгилүү болгондой, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын 8-чи кезексиз курултайы өтүп, анда өлкөнүн муфтийи шайланды.

Закиров Абдулазиз Назирбековичтин өмүр таржымалы

  • Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

  • 1993-1998-жылдары- Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;
  • 2009-2015-жылдары – Бишкек шаарындагы “Расул Акрам” ислам институтунда илим алган;
  • 2015-2018-жылдары – Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү

  • 2002-2005-жылдары – Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы “Абу Бакр ас-Сыддык” медресесинин мүдүрү, “Абу Бакр” мечитинин имам-хатибинин орун басары;
  • 2005-2008-жылдары – Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;
  • 2008-2011-жылдары – Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;
  • 2011-2013-жылдары – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;
  • 2012-жылы – Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);
  • 2013-2021-жылдары – Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;
  • 2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Сыйлыктары

  • 2005-жылы – “Абдулла ибн Аббас” медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;
  • 2015-жылы – КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;
  • 2017-жылы – “Аймак” облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;
  • 2021-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен “Ардактуу Казы” алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.

Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17