Аймак

ЛЕЙЛЕКТЕ ГЭС КУРУЛУУДА

ЛЕЙЛЕКТЕ ГЭС КУРУЛУУДА

 312 Бардыгы /

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Өзгөрүш айылындагы Козу-Баглан дарыясына «Лейлек» ГЭСи курулуп жатат. Анын жүрүшү менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жериниде таанышты.

          Президенттин Баткен облусундагы Өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, «Кыргыз-Каганат» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп жаткан бул ГЭСтин кубаттуулугу 5,9 МВт. Долбоорду жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду тарабынан жеңилдетилген насыя катары 5,6 миллион АКШ доллары ажыратылган. Ушул тапта курулуш иштери абдан кыызуу жүрүп жатат.

          Ошентип, аталган чакан ГЭСтин биринчи агрегаты 2024-жылдын июнь айында ишке берилүүсү күтүлүүдө. Курулуш иштеринин жүрүшүндө дарыядан ГЭСке чейинки 1 чакырым 800 метр аралыкка суу түтүктөрү дагы тартылган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17