Аймак

ЧОҢ-АЛАЙДА МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК ЗАВОД КУРУЛАТ

ЧОҢ-АЛАЙДА МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК ЗАВОД КУРУЛАТ

 300 Бардыгы /

          Ош  облусунун Чоң-Алай районунда 700 миллион доллар сарпталып, эң ири металлургиялык завод курулат. Бул туурасында Кыргыз респбуликасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Эльчибек Джантаев сүйүнчүлөдү.

          – Бул – мега долбоор! Бул заводго чийки заттар тыштан тартылат. Анан күнүмдүк керектелүүчү буюм-тейимдер байма-бай өндүрүлүп, Кыргызстандын базараларында, ошондой эле Кытайда дагы сатылат, – деп кошумчалады Ош облусунун жетекчиси Эльчибек Джантаев. – Тилекке каршы, 7 миң жумушчу күчү гана башыбызды куп оорутуп жаткан чагы. Инвесторлор  «Ушунча киши таап бере аласыңарбы?» деп маселени кабыргасынан коюп атышат.  

          Баса, Ош облустук бийлиги Кытай ишкелерине металлургиялык заводду тогуз жолдун тоомуна – Өзгөн районуна курууну сунуш этишти эле. Бирок, коңшу өлкөнүн винесторлору буга көнбөй атышат.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17