Аймак

АЛАЙКУУНУН ЖОЛУ ЭМИ ОҢДОЛОТ!

АЛАЙКУУНУН ЖОЛУ ЭМИ ОҢДОЛОТ!

 204 Бардыгы /

          Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүнүн жолу эң катаал жана абдан татаал. Бул кашкайган чындыкты  Кыргыз респбуликасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Эльчибек Джантаев дагы акыры моюндап олтурат.

          – Кара-Кулжа – Алайкуу автоунаа жолунун жалпы узундугу – 130 чакырым. Баары тең тегиз асфальт басканга дегеле мүмүкүн эмес! – деп кайшкайган чындыкты моюндады  Ош облусунун жетекчиси Эльчибек Джантаев. – Анткени, көпчүлүк жерлеринде тынбай таш кулайт. Анан көчкү дагы жүрөт. Уңкур-чуңкуру өтө деле көп. Ошентсе дагы.    Алайкуунун 40 чакырымына сөзсүз асфальт төшөгөнүбүз кажет!

          Албетте, мыкты демилге! Кыргыз респбуликасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлү Эльчибек Джантаев бул убадасын кантип жана качан орундатат? Аман турсак, муну да көрө жатаарбыз…

          Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17