Аймак

ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТАРЫНДА ПАХТА КЛАССТЕРИН ТҮЗҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

ОШ ЖАНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТАРЫНДА ПАХТА КЛАССТЕРИН ТҮЗҮҮ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

 198 Бардыгы /

          Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министринин орун басары Маил Алияскаров Ош жана Жалал-Абад облустарынын пахта өстүрүүчүлөрү жана пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

          Ведомстводон билдиришкендей, аталган жолугушууда эки облустун пахта өстүрүүчүлөрү, пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларынын өкүлдөрү жана дагы Эл аралык донордук уюмдардын, каржылык институттардын өкүлдөрү менен өз ара пикир алышып, өз ара тажрыйба дагы бөлүшүштү. Аталган иш-чараны уюштуруунун негизги максаты – өлкөбүздүн Түштүк тарабындагы туруктуу пахта өндүрүү кластерин тузүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу, пахта өндүрүүчүлөргө жеткиликтүү каржы булактарын сунуштоо жана пахта өндүрүүчүлөр менен каржы институттарынын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди ого бетер чыңдоого багытталган.

          Айтмакчы, жогорудагы иш-чара пахта өндүрүүчүлөр ассоциация өкүлдөрүнүн сунушу аркасында Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштертүү өнөр жайы министрлиги тарабынан демилгеленип өткөрүлдү.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17