Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

 435 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 23-февраль-Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында майрамдык иш-чара өттү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев , Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев, шаардык кеңештин депутаты Нуржамал Сыргабаева, аскер кызматкерлери, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.

Салтанаттуу иш-чарада Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков сөз сүйлөп, Ата Мекенди коргоочуларды майрамы менен куттуктап, күч түзүмдөрүндө эмгектенген бир катар кызматкерлерге ардак грамоталарды жана влкыш барактарды тапшырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17