Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
451 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. 15-май күнү реконструкциялоодон өткөрүлгөн “Курманбек” стадиону пайдаланууга берилди. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты. Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” атындагы стадион 1967-жылы ашар жолу менен курулган. Ал эми 2015-2016-жылдары аталган стадиондун айрым бөлүктөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. […]
452 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. 15-май күнү реконструкциялоодон өткөрүлгөн “Курманбек” стадиону пайдаланууга берилди. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты. Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” атындагы стадион 1967-жылы ашар жолу менен курулган. Ал эми 2015-2016-жылдары аталган стадиондун айрым бөлүктөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. […]
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫЛАНГАН “КУРМАНБЕК” СТАДИОНУ АЧЫЛДЫ
17.05.2024 / Автор anarkan_kg453 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. 15-май күнү реконструкциялоодон өткөрүлгөн “Курманбек” стадиону пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жана шаар тургундары катышты.
Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” атындагы стадион 1967-жылы ашар жолу менен курулган. Ал эми 2015-2016-жылдары аталган стадиондун айрым бөлүктөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Бирок, стадион эл аралык мелдештерди өткөрүү талаптарына жооп бербегендиктен, 2024-жылдын башында стадионду заман талабына төп келтирүү үчүн реконструкциялоо иши башталган.
Ошентип, Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет Жалал-Абад шаарында гибриддик футбол талаасы курулду. Тагыраагы, стадион мурдагы калыбынан 100 % өзгөртүлүп, сугаруу системасы, жарыктандыруусу, көрүүчүлөр отурган отургучтардын 65%ы жана VIP залы толугу менен жаңыланды. Ошондой эле, спортчулардын кийинүүчү, жунуучу жайлары, эс алуучу бөлмөлөрү, машыктыруучулардын бөлмөлөрү да толугу менен жаңыртылып, 50 чарчы метрди түзгөн чоң экран орнотулду.
Мындан сырткары, футболчулардын коопсуздугу үчүн футбол талаасынын айланасы тосулуп, ал менен катар стадиондун сырткы короосунун тосмолору алмаштырылды.
Стадиондун футбол талаасы жана жарыктандыруусун жаңылоо демөөрчүлөр тарабынан каржыланса, калган курулуштардын бары шаар казынан жасалды. Ага дээрлик 70 млн. сомдон акча каражаты жумшалды.
“Курманбек” атындагы стадиондун учурдагы жалпы аянты 3,68 гектарды түзөт. Ал эми кезинде жеке жактарга өтүп кеткен стадиондун 0,54 гектар жер аянтын кайтарып алуу боюнча иш шаардык сотто каралып жатат. Ал жер аянттар стадионго кайтарылса көрктөндүрүү, жашылдандыруу иши колго алынып, максаттуу пайдалануу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлөт.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
-
28.02.2025 / Автор anarkan_kg КЫЗМАТТЫК ЖАСАЛМАЧЫЛЫК БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.