Аймак

БОРБОРДУК БАЗАР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

БОРБОРДУК  БАЗАР  МАМЛЕКЕТКЕ  КАЙТАРЫЛДЫ

 453 Бардыгы /

ОШ. Араван районундагы борбордук базар мамлекетке кайтарылды.

КРдин Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдиргендей, Ош областтык прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүдө Араван райондук мамлекеттик администрациясынын, Араван райондук кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзамсыз түрдө А.Анаров айыл өкмөтүндөгү (азыркы Достук айыл өкмөтү) 0,31 га жер тилкесин “Ш.” жоопкерчилиги чектелген коомуна катталып  берилгендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан аталган коомго мыйзамсыз берилген мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу максатында сотко доо арыз берилип, кароонун жыйынтыгы менен толук канааттандырылган. Натыйжада  256  млн. 905 миң  сомго бааланган “Шахноза” борбордук базары Араван районунун Достук айыл өкмөтүнүн балансына алынды.

Аталган фактылар боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жургүзүү үчүн УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына тапшырылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17