Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
10 Бардыгы / Жер айдабай түшүм алууга болобу дешкен адамдар Аксы районунда дүү-дүү кеп кылып, жер айдабай эгин себип жаткандарды көрүп, ишенип-ишенбегендер да арбын болууда. Мындай ыкманы Аксы районундагы дыйкан-фермерлерге Жалал-Абад регионалдык айылдык кеңеш берүү кызматы коомдук фондусунун адистери сунуш кылышып, учурда ачык себүү ыкмасы менен элге эгин себип берип жатышат. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк программасынын алкагында […]
11 Бардыгы / Жер айдабай түшүм алууга болобу дешкен адамдар Аксы районунда дүү-дүү кеп кылып, жер айдабай эгин себип жаткандарды көрүп, ишенип-ишенбегендер да арбын болууда. Мындай ыкманы Аксы районундагы дыйкан-фермерлерге Жалал-Абад регионалдык айылдык кеңеш берүү кызматы коомдук фондусунун адистери сунуш кылышып, учурда ачык себүү ыкмасы менен элге эгин себип берип жатышат. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк программасынын алкагында […]
ЖЕР АЙДАБАЙ ТҮШҮМ СЕБҮҮ
13.11.2024 / Автор anarkan_kg

12 Бардыгы /
Жер айдабай түшүм алууга болобу дешкен адамдар Аксы районунда дүү-дүү кеп кылып, жер айдабай эгин себип жаткандарды көрүп, ишенип-ишенбегендер да арбын болууда. Мындай ыкманы Аксы районундагы дыйкан-фермерлерге Жалал-Абад регионалдык айылдык кеңеш берүү кызматы коомдук фондусунун адистери сунуш кылышып, учурда ачык себүү ыкмасы менен элге эгин себип берип жатышат.
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк программасынын алкагында Жапан мамлекетинин каржылык колдоосу менен ачык себүү ыкмасы облустун аймагында кеңири кулач жайып бара жатат.
Облусубуздун бөлөк районунда мындай ыкма алда качан өзүн-өзү актап, эгин талааларын айдабай эле эгин себип түшүм алууга көнүп калышты. Аксы районуна быйылкы жылда айдалып себилип жаткандыктан ишенгенден ишенбегени арбын болуп жаткан учур. Райондогу Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу Назар-Ата фермердик дыйкан чарбасынын башчысы Эдилбек Раманкулов бул ыкма менен дыйкан чарбанын жерине, ал түгүл элдин үлүш жерин ижарга алып да быйылкы жылда 80 гектар аянтка “Стекловидная-24” сортундагы 1–репродукциядагы сыноодон өткөн түшүмдүү буудайдын үрөнүн Чүй облусундагы үрөнчүлүк “Золотой колос” кооперативинен алып келип себишүүдө. Бир эле учурда 1 гектар аянтка 220 килограммдан үрөн, азык зат үчүн 100 килограммдан аммофост азот-фосфордук азык кошо сээп жатышат. Бул үрөндүн тез өнүп чыгышына жана жердин кыртышынын катып кетпей жумшак турушуна шарт түзмөкчү.
Үстүбүздөгү жылда райондо 189 гектар аянтка үрөн себүү пландаштырылган болсо, учурда 154 гектар аянтка үрөн себилип, үрөн себүү иши кызуу жүрүп жатат. Фонддун агроному Уларбек Ботокараев менен долбоордун координатору Мырзамидин Мамадиевдин билдиргенине караганда бул дыйкандар үчүн чоң эле жардам жана ишенимдүү түшүм алуунун булагы.
Учурда эгин сээп жаткан Назар-Ата фермердик дыйкан чарбасы бутуна туруп калган чарбалардын бири. Чарбада 210 баш асыл тукум кой, 15 баш тубар жылкы, 15 баш саан уй бар. Чарбада төрт үй-бүлө иш менен камсыз болуп иштеп жатышат. Чарбанын өзүнүн тоют базасы, короо-сарайлары бар. 80 гектар жери бар. Келерки жылдан баштап сапаттуу үрөн даярдоону да пландаштырып жаткан учур. Учурда 40 гектар аянтка күздүк эгинди ачык себүү ыкмасы менен сээп койду. Үрөн себүү улантылып жатат.
Аксы районунда келерки жылдын түшүмү үчүн 929 гектар эгин себүү пландалган болсо, учурда 764 гектар аянтка үрөн себилип бүттү. Үрөн себүү иши улантылып жатат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу кыйла арбын эгин себилгенин көрсөтүп турат. Ачык эгин себүүнүн натыйжасында бул ишке чыгаша кескин кыскарып, дыйкан фермерлердин чөнтөгүнө пайда болуп жатат. Жер айдабай үрөн себүү менен арбын түшүм алууга дагы деле толук ишенбей жаткандар көп.
Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Таалайбек Саматовдун билдиргенине караганда алдын ала окутууларды, семинарларды өткөрүп, ачык эгин себүүнүн артыкчылыктарын көрсөтүп беришкен. Демек жер айдабай түшүм алса боло тургандыгына облусутун Базар-Коргон, Сузак райондорунун дыйкан- фермерлери өздөштүрүп, мындай ыкмага өткөнүнө кыйла болуп калды. Эми тоолуктар дагы бул ыкмага өтүп жатышат. Ачык себүү ыкмасы күйүүчү майга, айдап себүүгө караганда убакытка, чөнтөккө кыйла эл жардам болоруна ынанып калышкан. Жер айдабай эгин сээп, арбын түшүм алып кыйла каражатты үнөмдөп калууга мында толук негиз бар.
Абдымомун КАЛБАЕВ, Аксы району
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: БЕШ АЙДЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА ЖАЙКЫ ТУРИСТТИК СЕЗОН САЛТАНАТТУУ АЧЫЛДЫ
-
01.07.2024 / Автор anarkan_kg АРАВАН РАЙОНДУК СУУ ЧАРБАСЫ БАШКАРМАЛЫГЫ ЗАМАНБАП БАССЕЙНГЕ МУКТАЖ!
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.