Аймак

Бактыгүл УРАИМЖАН, “Альфа кидс” балдар нейрокоррекциялык борборунун жетекчиси: “АДАМ ЖАСАГАНДЫ АДАМ ЖАСАЙ АЛАТ. МЕН ДЕПРЕССИЯДАН ЧЫКТЫМ, БАЛАМДА АКЫРЫНДАП ЖЫЛЫШ БАР”

Бактыгүл УРАИМЖАН, “Альфа кидс” балдар нейрокоррекциялык борборунун жетекчиси:  “АДАМ ЖАСАГАНДЫ АДАМ ЖАСАЙ АЛАТ.  МЕН ДЕПРЕССИЯДАН ЧЫКТЫМ, БАЛАМДА АКЫРЫНДАП ЖЫЛЫШ БАР”

 6 Бардыгы /

Бактыгүл Ураимжан – кесиби боюнча нейропсихолог, логопед-дефектолог. Ал мектепти аяктагандан кийин Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык институтту аяктап, кийин Бишкек шаарындагы Ала-Тоо Эл аралык университетинин педагогика- психология багытында аспиранты болгон. Андан соң Москва шаарынан Дефектология институтунда нейропсихология боюнча билимин жогорулатып, логопед-дефектолог курсун аралыктан окуп аяктаган. Нейропсихология жаатында 3 жылдык тажрыйбага ээ болгон болсо, педагог- психолог болуп 18 жыл эмгектенген. Үй-бүлөлүү 1 кыз, 3 уулдун апасы.

“АЛЬФА КИДС” БОРБОРУ – ӨЗГӨЧӨ МУКТАЖДЫГЫ БАР БАЛДАРДЫН ДЕН СООЛУГУНА КАМ КӨРӨТ

Акыркы жылдары жаш балдардын оорулары, алардын түрү өсүп бараткандай. Анын негизги себептеринин бири эле бул эненин кош бойлуу мезгилиндеги абалы дешет адистер. Бүгүн кош бойлуу энелердин жашоо образы начар, андыктан организми алсыз. Себеби туура тамактанышпайт. Мындан сырткары аялзатынын иштеген жумуштары оор, бир жагынан экологиянын, уюлдук телефондун таасирлери болуп олтуруп туулган баланын нерв системасынын өсүүсү бузулуп, жан дүйнөсү жабыркап, балдардын тили да өз убагында так чыкпай калышууда. Аталган оорулар менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин тынымсыз аракети, медицинанын, реабилитациянын жардамы менен балдарды коомго аралаштырып дарттарынан арылтууга боло тургандыгын учурда медицина илиминин илимпоздору аныктаган.

Ушул себептен улам биздин редакция Манас шаарында биринчилерден болуп ачылган “Альфа кидс”-  балдар нейрокоррекциялык борбору тууралуу кеңири маалымат бермекчи. Анткени Манас шаарында ДЦП, аутизм, тил жаатында көйгөйү бар балдар үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Тагыраагы алардын дарылануусуна коррекциялык борбор, балдар бакчасы жана билим алуусуна окуу класс ачылган. Аталган борбордун жетекчиси Бактыгүл Ураимжан менен болгон маекти сунуштайбыз.

– Урматтуу Бактыгүл айым, сиздердин ачылган борборуңуздарга учурда көп ата-энелер муктаж. Алгач эле нейрокоррекциялык борборду кантип ачып калдыңыз. Бул ар бир окурманга кызык?

– Мен да ата-эне катары ушундай борборго өзүм да муктаж болчумун. Анткени кенже балам 2022-жылы ден соолугу жакшы төрөлгөн. Бирок, 6 ай болгондон кийин баламды эмдөөгө алып баргам. Ошондон кийин эле балам катуу ооруп жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Ооруканада 2 айлап жатып калдык. Негизи баламдын температурасы көтөрүлүп түшпөй койду. Аргасыз борборго, Бишкек шаарына чейин барып дарылата баштадык. Жыйынтыгында балама ДЦП – церебралдык шал оорусунун 5-деңгээли деген аныктама коюлду. Ошентип баламдын оорусу менен күрөшүп, өзүм изилденип көп нерсе окудум, үйрөндүм. Мен сыяктуу баласынын айынан кыйналып жүргөн ата-энелерди көрүп, акыры өзгөчө балдардын ден соолугуна көмөк көрсөтүү чечимин кабыл алып, “Альфа кидс” нейрокоррекциялык борборду ачтык. Борборду мен жана врач реабилитолог Самат Абдыкеримович менен биргеликте негиздеп ачып калдык.

Бир тууган иним Жалал-Абадда жеке ишкерлик менен алектенчү. Ошол инимдин көрсөтмөсү менен баламды 11 айлыгынан баштап Самат Абдыкеримовичке көрсөтүп, реабилитациясын баштадык. Баламда буйруса акырындап жылыштар болуп жатат. Бул врачка көрүнгөнгө чейин баламдын айыгышынан үмүтүмдү үзүп койгон элем. Анткени мен баламды коңшу Өзбекстан, Казакстан мамлекеттерине чейин алып барып көрсөттүм. Алар деле балаң баспайт, аракет кылсаң жашап кетет, болбосо адам болуп кетиши күмөн деп коюшкан. Бул сөздү угуу эне үчүн өтө оор экен, мен да катуу стресс-депрессияга кабылгам. Самат Абдыкеримович: “Балаңыздын жакшы болуп кетишине өзүңүз гана жардам бере аласыз” -деп бардык реабилитациянын жүрүшүн үйрөттү. Өзүм да изилденип логопед-дефектолог, балдардын неврологиялык көйгөйлөрү, психология багытында онлайн да, оффлайн да курстарга окуп, билимимди өркүндөтүп диплом, сертификаттарга ээ болдум.

Негизи өзүмдө мурдатан эле өзгөчө балдар үчүн инклюзивдүү балдар бакчасын ачуу планымда бар эле. Ошол планымды баламдын оорусуна байланыштуу Жалал-Абад шаарында 2023-жылы ноябрь айында “Синтекс”-деген ат менен нейрокоррекциялык борбор ачтык. Алгач 5 адис менен иш баштадык. Мен өзүм логопед- дефектолог, логомассаж, нейропсихолог болуп дартты аныктайм. Самат Абдыкеримович врач реабилитолог, ЛФК инструктор кылып бир медайым алдык жана эки күчтүү педагог мугалим алып, бирин логомассаж жаатында, бирөөсүн сенсордук интеграция боюнча, кийинчерээк аутизм менен жабыркаган балдар көп кайрылгандыктан АВА-терапия методикасын кошуп окутуп баштадык.

Өзгөчө балдарды реабилитациядан өткөрүү үчүн 10 күнгө эле 100 миң сом каражат талап кылынат экендигин көрдүм. Мен жолдошум экөөбүз буга чейин жөнөкөй эле мугалим болуп эмгектенип келчүбүз. Мугалимдин үй-бүлөсүндө 100 миң сом чоң каражат. Баламдын ден соолугу үчүн ошол каражатты тапканга аракеттенсек да жетиштире албайт экенбиз. Бирок, ал каражатты бардык эле өзгөчө балдардын ата-энеси таба бериши кыйын. Ошондуктан азыркы учурда биз  ата-энелердин капчыгына, Жалал-Абад облусунун экономикалык шартына карап кызмат көрсөтүп келе жатабыз.

– Аталган борбор эмнелерди өзүнө камтыйт. Кандай оорулуулар дарылана алат жана дарылоонун кандай түрлөрү бар?

– Мен баламды дарылатып жүрүп көп кыйынчылыктарга дуушар болдум. Бишкекте ЛФКсын бир жерден алсак, бир жерден массаж алып, дагы бир жерге неврологго барчубуз. Ошол нерсени эске алып, өзгөчө балдардын ата-энеси баласын дарылатууда керек болгон адистерди, дарылоонун түрлөрүн камтып комплекстүү коррекциялык борборун ачууга аракет кылдык. Биздин борбордо коррекциялык жана реабилитациялык дарылоо иштери чогуу жүргүзүлүп, өзгөчө балдардын ден соолугуна кам көрүлөт.

Борборубузга негизинен шал оорусуна чалдыккан (ДЦП), инсульт алган, акыл-эстин артта калышы, сүйлөө жактан жабыркаган, кекечтенген (заикание), бутунда ортопедиялык көйгөйлөрү бар жакшы баса албаган май таман (плоскостопия) -вальгус, варус, сколиоз оорулары менен жабыркагандар, кулагы укпаган, көзү көрбөгөн, кээде биз укпаган да башка дарттар менен келип кайрылышат. Учурда биздин борбордо кулагы укпагандар, көзү көрбөгөндөр үчүн атайын адисибиз жок. Бирок, атайын угуу аппараттарын колдонгон балдар менен дефектолог адисибиз иштешет. Айтайын дегеним, бизде жогорудагы оорулар менен ооруган балдардын ден соолугун чыңдоого бардык шарттарыбыз жана тиешелүү, тажрыйбалуу адистерибиз бар. Зарыл болгон невролог, ортопед сыяктуу врачтарды борбордон чакыртып да турабыз.

Биз 2024-жылы “Альфа кидс” нейрокоррекциялык борбордун кызматына муктаж ата-энелердин көптүгүн көрүп, өзгөчө балдары менен иштей албагандыктан алардын муктаждыгын чечүү максатында, ошондой эле балдарынын ден соолугуна кам көрүү менен бирге жаркын келечеги үчүн атайын үй тибиндеги инклюзивдүү, нейрокоррекциялык балдар бакчасын ачтык. Мындай балдар бакчасы өлкөнүн түштүк аймагында жалгыз десем жаңылышпайм. Аталган балдар бакчабызга биринчи 6 бала кабыл алып иштетип баштадык. Учурда 27 бала алып тарбиялап келе жатабыз. Андан көп бала алууга да болот, бирок биздин балдар бакчасында балдардын санына эмес, сапатына көбүрөөк басым жасайбыз. Ал эми 2025-жылы жаңы окуу жылында Жалал-Абад шаардык мэриясынын колдоосу менен коррекциялык 1 класс ачтык.  Жакшы жыйынтык болсо, бара-бара класстын санын көбөйтүп, буйруса мектеп ачабыз. Учурда бул класста ар кандай диагноздогу, жаш курактары 7 жаштан 17 жашка чейинки 12 окуучубуз бар. Алардын катарын дауна синдромун алып жүргөн, аутизм, акыл-эсинен артта калган балдар камтыйт. Окутуу кадимки мамлекеттик билим берүү министрлигинин окутуу программасы менен жүргүзүлөт. Аталган классты балдар бакчабыздын эле бир бөлмөсүнө ачып иштеп жатабыз. Жыйынтык мен ойлогондон жакшы. Балдарыбыз тамга таанып, жазып калышты. Нейрокоррекциялык борборубуздагы жыйынтыктары жана ата-энелердин суроо талабы менен 2025-жылдын октябрь айында Ош шаарына да борборубуздун филиалын ачтык.

“Альфа кидс” борбор кайсыл адистиктеги врачтар жана мугалимдер менен камсыздалган? Адистер жетиштүүбү?

– Бүгүнкү күндө бардык тиешелүү адистерибиз жетиштүү. Керектүү адистерди заман талабына, оорулуулардын суроо-талабына жараша өзүбүз окутуп даярдап алдык. Негизги күчүбүздү адистердин билимине жумшадык. Тагыраагы Казакстан мамлекетинен мамлекеттик “БОЛАШАК” деген атайын фонддун АВА-терапия боюнча адисин алып келип өзүбүздүн адистерди окуудан өткөрүп, билимдерин жогорулатып, алар менен түздөн-түз келишим түзүп, сертификатына ээ болдук. Мындан сырткары өзгөчө балдары бар 5 апаны окуттук. Алар бүгүн балдарын балдар бакчабызга берип, өздөрү иштешет. Жыйынтыгында апалар депрессия болуп үйүндө олтурбай жумуш менен камсыз болгон, балдары балдар бакчага барып ден соолугун чыңдап, билим алып жатышат. Биз өзгөчө балдары бар мугалим же медицина тармагында билими бар апаларга колдоо көрсөтүп келебиз.

Биз чет элдик адистерден билим алуубуздун бирден бир себеби Өзбекстан, Турция, Казакстан мамлекеттери инклюзия боюнча бизден 10 жыл алдыда экендигин байкадым. Кыргызстан да азыр күндө өнүгүү жолунда баратат. Биздин борбордо билим берүү менен медицина чогуу айкалышып келе жатат. Бул эки нерсени өзгөчө балдардын келечеги үчүн бөлүп кароого болбойт. Аталган балдарды да окутуу, аң-сезимин өстүрүү, коомго аралаштыруу зарыл.

-Борбордун техникалык базасы кандай? Дарылануучуларга кандай шарттар түзүлгөн?

-Биздин борбор негизинен акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык аппараттар менен камсыздалган. Мисалы, гидрованна алып келгенбиз. Гидрованна – бул суу массажы аркылуу шал оорусу менен ооруган балдардын денесиндеги тонустарды жазат жана чыңалтат. Уктап жаткан клеткаларды ойготот, иммунитетин көтөрөт. Андан сырткары барокамера алып келдик. Бул кислород-кычкылтек менен дем алдыруучу аппарат. Көпчүлүк балдардын мээсине кычкылтек жетишпегендиктен мурун көңдөйү менен жакшы дем алалбай,  балдар жакшы сүйлөбөй калат. Аталган аппарат сүйлөө жаатында көйгөйү бар балдар үчүн чоң көмөкчү болот. Андан сырткары операция болгон адамдар бат калыбына келет, кан басымы жогору жарандарга пайдасы көп. Бул аппарат да Жалал-Абад облус аймагында жок, биринчи жолу алынып келинди.

-Көпчүлүктү кызыктырган төлөмдөр тууралуу айтып өтсөңүз? Жеңилдиктер да каралганбы?

-Биз ачылгандан баштап жогоруда айтып өткөндөй Жалал-Абад облусунун аймагындагы экономикалык абалга, мындагы өзгөчө балдардын ата-энелеринин шартына түшүнүү менен салыштырма баа койгонбуз. Ошол 3 жыл мурдагы коюлган баа менен эле турабыз. Ар бир процедурабыз, сабактарыбыз ар кандай баада. Мисалы, массаж жана ЛФК бир күндүгү 500 сомдон 1000 сомго чейин, күнүмдүк сабактарыбыздын эң кымбаты 800 сом, гидрованна, барокамера аппараттарыбыз да 500-1000 сом болот. Албетте жеңилдиктерди карап беребиз. Ал эми балдар бакчабызда да төлөмдөр ар кандай баада 15-20-30 миң сомго чейин. Анткени ар бир баланын дартынын медициналык аныктамасы ар кандай эмеспи. Ошентсе да балдардын ден соолугу үчүн биз ар кандай процедураларыбыздан бонус же арзандатуу жасап берип келебиз.

Акыркы мезгилде ата-энелер баласын Ташкентке же Бишкекке алып барып, ал жактан ижарага батир алып бир айда 100-150 миң сом каражат сарптап келип жатышат. Ошол жактагы адистер, аппараттар бизде да бар. Бизде ошол акчасына 3 ай дарылана алышат. Ошончо акча коротуп жакшы жыйынтык албагандар да көп. Көпчүлүк ата-энелер аталган оорулар менен медициналык аныктамасы бар балдар акырындап айыгаарын же жыйынтыгы жай болоорун түшүнбөй жатышат. Чудо таблетка издей беришет. Туура, учурунда мен да ошондой кадамдарга барганмын, мен апаларды түшүнөм. Көпчүлүк келип кепилдик барбы, бир айда сүйлөп же басып кетеби деп сурашат. Бул балдарга медициналык жана коррекциялык жардам керек, ошону менен бирге биздеги сабактар реабилитация менен чогуу алып кетсе, жыйынтык жакшы болот. Биздин борбор изилденген, медицина илиминде далилденген гана методикалар менен иштейт. Аппараттарыбыз да балдарга пайда гана алып келет. Балдарга зыян алып келе турган дары, укол жазбайбыз.

-Сиздердин борбордогу дарылоонун жыйынтыктарына токтолуп өтсөңүз?

– Биздин борбордун көмөгү менен шал оорусуна медициналык аныктамасы бар балдардан 10дон ашыгы басып кетти. Сүйлөп кеткен балдардын саны андан көп. Борборубуздун иштөө убактысы 5 күндүк. Бул жакка саатына гана келип реабилитациясын же коррекциясын алып кетишет. Реабилитация дегенде айрыкча ДЦП балдар менен врач реабилитологубуз Кыргызстанда жаңы эле кирип жаткан DMI (Медек) методикасын колдонот жана ортопедиялык көйгөйү бар балдарга дене тарбиялык дарылоо ыкмасы (ЛФК) жана массаждын түрлөрү, суу терапиясы (гидрованна), барокамера (кислород терапиясы) ж.б. Ал эми коррекция дегенибизде АВА-терапия, логопед-дефектолог, логопед-заиколог, сенсордук интеграция, сенсомотордук коррекция, нейропсихолог ж.б. ушул сыяктуу сабактар өтүлөт. Бир бала эң аз 1 сааттан 3 саатка чейин борбордо болот. Төлөмдөрү саатына жараша ар кандай.

Ал эми балдар бакчабыздын ачылганына бир жыл болду. Иштөө убактысы 5 күндүк. Биздин балдар бакчасында негизинен тил жаатында көйгөйү бар жана аутизм менен жабыркаган балдар тарбияланат. Жыл ичинде 60 баланы чыгардык, анын ичинен 50 бала сүйлөп, башка балдар бакчасына которулуп кетишти. Бала бакчабыздын уникалдуулугу тамактануусуна абдан көңүл бурулат жана комплекстүү коррекциялык сабактарды, массаждарды ала алышат. Анан да топтук эмес, ар бир балага жекече көңүл бурулат.

Ата-эненин тандоосу жана убактысына карап кааласа борборубузга, кааласа бала бакчабызга кайрыла алышат.

-Келечектеги пландарыңыз, максаттарыңыз кандай?

– Келечекке койгон план максаттарыбыз чоң. Бул борборду ошол өзгөчө балдарга, алардын ата-энелерине пайдабыз тийсин деп ачканбыз. Анткени менин балам ооруп жүрөгүм менен сезип, башымдан өткөрүп жатам. Мен сыяктуу ата-энелер аймактарда арбын. Ошолорго да көмөгүбүз тийсин деп райондорго ушундай борбор ачууну пландап жатабыз. Аймактардагы балдар да ушундай сабактарды, дарыланууларды алса деген максатым бар.

Бүгүн өзгөчө балдарды коом өгөйлөп келет. Адамдарда түшүнүк жок. Аутизм, сүйлөөсү кечиккен же шал оорулары жукпайт. Бул оорулар адамдагы мээнин иштөөсү менен гана өзгөчөлөнүшөт. Биз алардын мээсинин туура иштешине, аларга жашоого адаптация болуусуна көмөктөшүбүз керек. Бүгүн биздин коом ошол өзгөчө балага, баланын апасына туура мамиле жасоону үйрөнүшү зарыл. Бул маселени мамлекеттик деңгээлде көтөрүп чыгууга убакыт келди. Биздин борбор сыяктуу борборлорду мамлекеттик деңгээлде ар бир аймактарда ачылса жакшы болмок. Бүгүн мамлекет андай борборлорду өзү ача элек болсо да, биз сыяктуу жеке ишкерлерге жеңилдетилген кредиттерди берип, керектүү аппараттарды алууга көмөктөшүп келет. Бул да мамлекетибиз тарабынан колдоого алып жаткандыгынын белгиси. Мен да борборду ачып, коомдогу өзгөчө балдардын ден соолугуна кам көрүү менен бирге 30дан ашык үй-бүлөнү жумуш менен камсыздадым, мамлекетке салык төлөп жатам.

Сөзүмдүн акырында ар бир өзгөчө балдары бар энелерге кайрылам, эң биринчи өздөрүн колго алыш керек. Адам жасаганды адам жасай алат. Мен депрессиядан чыктым, баламда жылыш бар. Демек бардык эненин колунан келет. Энелер баласынын оорусунан уялбашы керек. Баласын коомго кошуу – бул эненин талыкпас аракети.

Борбордун дареги: Манас шаары, Курманбек көчөсү 10Б;

Байланыш телефону: 0(705) 35 05 80.

Бала бакчанын дареги: Манас шаары, Курманбек баатыр 68;

Ватсап номери: 0(755) 35 05 80.

Филиалыбыз Ош шаары, Ак-Тилек 32/24.

Байланыш телефону: 0(707) 25 00 86.

Маектешкен: Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17