Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
2,134 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын штабынын мүчөлөрү жана ОИИБдин башчысы Жалал-Абад шаарында жашап жатышкан 5 ардагерден кабар алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы маалымдады. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуштун катышуучуларына жана оруктун ардагерлерине таазим кылып, алардын коомдогу ордун […]
2,135 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын штабынын мүчөлөрү жана ОИИБдин башчысы Жалал-Абад шаарында жашап жатышкан 5 ардагерден кабар алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы маалымдады. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуштун катышуучуларына жана оруктун ардагерлерине таазим кылып, алардын коомдогу ордун […]
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата: СИЗДЕР БОЛГОН ҮЧҮН – БИЗ БАРБЫЗ!
09.05.2020 / Автор anarkan_kg2,136 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын штабынын мүчөлөрү жана ОИИБдин башчысы Жалал-Абад шаарында жашап жатышкан 5 ардагерден кабар алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы маалымдады.
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуштун катышуучуларына жана оруктун ардагерлерине таазим кылып, алардын коомдогу ордун белгилөө менен катар жаштардын мекенчилдик сезимдерин жогорулатуу максатында Жалал-Абад шаарынын коменданты, милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков жана Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошовдор баш болгон Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын штабынын мүчөлөрү да бул иш-чарага активдүү катышып, Жалал-Абад шаарында жашап жатышкан 5 ардагерден кабар алышты.
Ардагерлерди куттуктоо үчүн барган жетекчилер атайын алар үчүн даярдалган белектерин, учурдун талабы болгон антисептикалык каражаттарды, акчалай сыйлыктарды жана коменданттын куттуктоо баракчасын тапшырышып согуш даамын жана дары (порох) жытын сезип калган улуу муундарыбызга ден соолук каалап, өмүр тилешип, дайыма арабызда үлгү болуп жүрө беришин белгилөө менен УлууЖеңиштин 75 жылдык майрамы менен куттукташты.
Жаштарга үлгү көрсөтүп, карантинде үйдөн чыкпай отурган ардагерлерибиздин бири 95 жаштагы Гаффан Вильданович, куттуктоо үчүн барган формачан кызматкерлерди көрүп, ордунан тура калып, аскердик дем менен жылуу маанайда тосуп алды. Ардагер менен маектешүү учурунда Гаффан аксакал көздөрүн жалынга толтуруп, андагы согуштук күндөрдү жана басып өткөн кандуу жолдорун эстеп айтып берди. Ошону менен катар жаштарга алгач өздөрүнө сак болууга жана ден соолугуна кам көрүүгө, айлана-чөйрөгө, жаратылышка аяр мамиле жасап, элин жерин, жашап жаткан мамлекетин сүйүүгө чакырып, акыл-насааттарын айтканга да үлгүрдү.
Ал эми ардагерлер өз учурунда мамлекет тарабынан аларга көңүл бурулуп, өзгөчө абалдын катаал күндөрүнө карабастан алардан кабар алып, көңүлдөрүн көтөрүп, белектерди берип жаткандыгына абдан кубанышып, көздөрүнө жаш ала алакан жайып, элибизде тынчтык, асманыбыз ачык болуусун жана укуккоргоочулардын иштерине ийгилик каалоо менен ак баталарын беришти.
Жалал-Абад областы боюнча бүгүнкү күндө – 31 ардагер бар болсо, алардын ичинен 5 ардагер Жалал-Абад шаарынын аймагында жашап келишет.
Майрамдык белектер Жалал-Абад областынын аймагындагы ШРИИБдер тарабынан да Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеткирилди. Ала-Бука РИИБнин начальниги, милициянын полковниги Райымбек Сулайманов баштаган топ Баймак айылынын тургуну 99 жаштагы Аскар Хайдаровдон кабар алышты. Аскар аксакал согуш мезгилиндеги кыйынчылык күндөрү азыр да көз алдына тартылып тураарын белгилеп, мындан ары андай апаат күндөр болбосун деп тиледи. Согуштун ардагери милиция кызматкерлери жанына келип майрамы менен куттуктап, белек-бечкектерин тапшырып, сый-урмат көрсөтүп жатышканына ыраазычылык билдирип, ак батасын берди. Ошондой эле буга чейин да милиция тарабынан колдоо көрсөтүлүп келгенин белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалады.
Автор anarkan_kg
-
-
04.09.2023 / Автор anarkan_kg КОЧКОР-АТА ШААРЫНДА НЕФТИЧИЛЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
29.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШТО КЫЗДЫ СӨККӨН ЖИГИТТЕР МИЛИЦИЯГА СУРАК БЕРИШТИ
-
-
-
10.11.2023 / Автор anarkan_kg АКЧА АЛДАП КЕТКЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
-
-
Маек
Эркин ЭШИЕВ: “ТҮЗ БАЙЛАНЫШ МАСЕЛЕНИ ШЫР ЧЕЧЕТ!”
Өлкөбүздө жүрүп жаткан Административдик жана аймактык реформага ылайык Ош облусуна…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.