Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

ЧЕК АРАДА АВТОУНААГА ТАШ ЫРГЫТЫЛГАН ОКУЯ БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ

ЧЕК АРАДА АВТОУНААГА ТАШ ЫРГЫТЫЛГАН ОКУЯ БОЮНЧА ИШ КОЗГОЛДУ

 126 Бардыгы /

22-августка караган түнү Ош-Баткен-Исфана жолунун Көк-Таш айылына жакын, Тажикстан менен чек араны бойлоп өткөн бөлүгүндө бараткан эки автоунаага таш ыргытылган.

Бул окуя боюнча “майда бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, иликтөө башталганын Баткен ОИИБнын басма сөз катчысы Дамира Юсупова “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, чек арадагы окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Баткен райондук ички иштер бөлүмү тажикстандык укук коргоо органдары менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Баткендеги Көк-Таш айылына караштуу Эки-Таш аймагындагы Ош-Баткен-Исфана жолунун Тажикстандын калктуу конушуна жакын жерден белгисиз бирөөлөр кыргызстандык автоунааларга таш ыргыткан.

Натыйжада Mersedes Benz үлгүсүндөгү машиненин эшиги, Honda Stream машинесинин айнеги талкаланган. Жүргүнчү жана айдоочулар жабыркаган эмес.

Ош-Баткен- Исфана жолунун окуя болгон бөлүгү Тажикстан менен чек араны бойлоп кеткен.

Буга чейин 21-августта эртең мененки саат ондордо “Головной” тилкесинин жанында тажик тарап жол оңдоо ишин баштап, мамлекеттик чек ара сызыгы өткөн жерге жакын шагыл түшүргөн.

Андан кийин Тажикстандын жарандары Ак-Суу дарыясынын батыш тарабынан траншея (аң) каза баштаган. Бул иш-чара Исфара (Тажикстан) шаар башчылыгы тарабынан жүргүзүлгөнү аныкталды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бул иш токтотулган.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш “Головной” тилкесинде башталган.
Андан 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон/

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17