Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
СООДА-САТЫК
Таш-Булак айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Кеңеш айыл аймагынын өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Бешик-Жон айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Сакалды айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Момбеков айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Сайдыкум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жаңы-Жол айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КАНТ ШААРЫНЫН АЙРЫМ РАЙОНДОРУНДА ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫ ӨЧҮРҮЛӨТ
КРдин ӨКМ алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Жалал-Абад шаардык мэриясы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КООМДУК КАБЫЛДАМА

УЛУТТУК БАНК КУМТӨРДҮН АЛТЫНЫН САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛБӨГӨНҮН БИЛДИРДИ

УЛУТТУК БАНК КУМТӨРДҮН АЛТЫНЫН САТЫП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛБӨГӨНҮН БИЛДИРДИ

 51 Бардыгы /

Улуттук банк алтын сатып алуу боюнча “Кумтор Голд Компани” менен келишим түзгөн эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” банктын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук банк билдиргендей, алтын валюта резервинин көлөмүн толтуруу саясатынын алкагында банк жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн алтын сатып алат. Операция алтын өндүрүүчү менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн башкы келишимдин негизинде жүрөт. Бирок “Кумтор Голд Компани” менен Улуттук банк бул багытта келишим түзгөн эмес.

Буга чейин компаниянын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк мындан ары кенде өндүрүлгөн бардык продукцияны Улуттук банк сатып аларын билдирген.

Кыргызстан быйыл май айында Кумтөрдөгү экологияга келтирилген зыян жана салыкка байланыштуу канадалык компанияга 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Аны улай кыргыз өкмөтү 17-майда “Центеррага” таандык “Кумтөр Голд” компаниясына тышкы башкаруу киргизген. Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган. Бийлик мындан ары алтын экспортко чыкпай турганын, Кумтөрдүн бардык продукциясын Улуттук банк сатып аларын айткан.

“Кумтор Голд Компани” өндүрүш көрсөткүчтөрү тууралуу отчетторун жарыялабай калды. Компания мурда 2021-жылы 15 тонна алтын өндүрөрүн жарыялаган. Былтыр Кумтөрдө 17 тонна алтын өндүрүлгөн.

Буга чейин “Кыргызалтын” ишканасына таандык Кара-Балтадагы аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймалары дүйнөдөгү Good delivery (ишеничтүү жеткирүүчү) макамы менен эч тоскоолдуксуз сатылып келген. Good delivery – дүйнөдөгү алтын базарындагы белгилүү марка десек болот.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы “Кыргызалтындын” аккредитациясын 17-сентябрдан тарта токтотконун, буга июнь айында алтын аффинаждоочу “заводдогу алдамчылыкка шек саноодон” улам текшерүү себеп болгонун билдирген.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17