Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
АТАЙЫН РОТАНЫН БЕШ АЙЫНЫН ЖЫЙНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
МЭР ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1,360 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк жергесиндеги эң ири жана өтө олуттуу жогорку окуу жайдын – Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) эмгек жамааты ЖОЖдун Башкы имаратынын алдында өз талаптары жазылган плакаттарды көтөрүшүп, Кыргыз Бийлигине нааразычылык акциясын уюштурушту. Каршылык иш-чарасынын катышуучулары ОшМУнун ректору, математика-физика илимдеринин доктору, профессор Кудайберди КОЖОБЕКОВдун кызматынан жүйөөсүз бошотулгандыгын катуу айыпташып, Кыргыз Өкмөтүнөн, ошондой эле Билим […]
1,361 Бардыгы / Кыргызстандын Түштүк жергесиндеги эң ири жана өтө олуттуу жогорку окуу жайдын – Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) эмгек жамааты ЖОЖдун Башкы имаратынын алдында өз талаптары жазылган плакаттарды көтөрүшүп, Кыргыз Бийлигине нааразычылык акциясын уюштурушту. Каршылык иш-чарасынын катышуучулары ОшМУнун ректору, математика-физика илимдеринин доктору, профессор Кудайберди КОЖОБЕКОВдун кызматынан жүйөөсүз бошотулгандыгын катуу айыпташып, Кыргыз Өкмөтүнөн, ошондой эле Билим […]
НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ: “ОШМУНУН РЕКТОРУ КУДАЙБЕРДИ КОЖОБЕКОВДУ ЖАЙЫНА КОЮШПАСА, ЭЗЕЛИ ТЫНЧЫБАЙБЫЗ!”
15.11.2021 / Автор anarkan_kg

1,362 Бардыгы /
Кыргызстандын Түштүк жергесиндеги эң ири жана өтө олуттуу жогорку окуу жайдын – Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУнун) эмгек жамааты ЖОЖдун Башкы имаратынын алдында өз талаптары жазылган плакаттарды көтөрүшүп, Кыргыз Бийлигине нааразычылык акциясын уюштурушту. Каршылык иш-чарасынын катышуучулары ОшМУнун ректору, математика-физика илимдеринин доктору, профессор Кудайберди КОЖОБЕКОВдун кызматынан жүйөөсүз бошотулгандыгын катуу айыпташып, Кыргыз Өкмөтүнөн, ошондой эле Билим берүү жана илим министринен жетекчисин токтоосуз түрдө ордуна кайтарууну талап кылып жатышат.


Гүлбадам МАТИЕВА, профессор, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти: – Биз билгенден ректорубуз Кудайберди Кожобеков – абдан кесипкөй, такшалган универсалдуу жетекчи. Иштин көзүн жакшы билгендиктен, ОшМУну кыска аралыкта Борбор Азиядагы эң мыкты жогорку окуу жайына айландырбадыбы. Шайлоонун шайтан оюндарына азгырылып ОшМУнун бир-эки окутуучусу жана бир нече студенти парламенттик жарышта “Азаттык” партиясын кубатташып, Ош шаарынын Борбордук Аянтындагы жолугушуусуна барышса, бул эмне экен? Кылмыш эмес! Ар бир талапкердин кездешүүсүнө катышуу – алардын Конституциялык укугу? Анан дагы жарандык эрки! Айланайын, эми дал ушуну үчүн деле бөйрөктөн шыйрак чыгарып, эптеп эле шылтоо таап, кыйчалыш заманда эч кимге камчы салдырбастан күрдөөлдүү гана иштеп жаткан ректорубузду садага чабышкандыгы акылга сыйбайт, а түгүл мыйзамдуулукка дагы жатпайт! Эгерде Борбордук Бийлик токтоосуз акылына кирип, бул олуттуу катачылыгын чукул арада оңдобосо, биз мындан ары дегеле тынчыбайбыз! Мобул нааразычылык акциябызды ОшМУда адилеттүүлүк орномоюнча, тынымсыз улантабыз!


Акчач ЖОЛДОШЕВА, ОшМУнун доценти, психолог: – Карасаңыздар, эй? Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси одоно түрдө бузулбадыбы.! Ошончолук эле ректорду мынчалык жазалагылары келишсе, ОшМУнун жетекчиси Кудайберди Кожобековго адегенде эскертүү, сөгүш, же катуу сөгүш беришпейби? Андан ары ушуну дагы тоготпостон, кызматынан кыянат падйаланып, андан беш бетер аша чапса, жогорудагыдай жумушунан четтетүүчү акыркы катаал чарасын көрүшсө, биз дагы туура түшүнүп, унчукпайт элек. Эгерде Борбордук Бийлик “Азаттык” партиясына ошончолук өчөшсө, атайылап бут тоссо, муну ОшМУ аркылуу эмес башка ыкмалар менен деле эч жигин билгизбестен тууралашпайбы? Анан моминтип орто жолдо ОшМУнун окутуучуларын жана студенттерин Кыргыз коомчулугуна жек көрсөтпөй… Биз үчүн ректорубузду дагы садага чаппай…


Улук ОРМОКЕЕВ, ОшМУнун окутуучусу: – Ыя, айланайындар! Кудайберди Кожобековдун накта реформаторлугун ким танат? ОшМУну чукул арада оңдоп, даражасын дагы өйдөлөтүп, кадыр-баркын ого бетер жогорулатып ийбедиби. Анын үстүнө ректорубуздун бул орунга шайланган мөөнөтү бүтө электе кызматынан күтүүсүздөн алынышы – бул нукура саясий буюртма! Ордуна Бишкектен – түндүктөн кимди бизге десант – ректор кылып түшүрүшөөрүн дагы билебиз. Борбордук Бийликтин акылы болсо, ОшМУнун эмгек жамаатынын ой-пикрин дыкаат тыңдап, алар менен сөзсүз эсептешүүсү абзел! Антпесе, ОшМУнун эмгек жамааты, ошондой эле студенттери жалаң мыйзам чегинде гана Бийликке туруктуу каршылык көрсөткөнгө, ар түрдүү нааразычылык акцияларын уюштурганга мажбурбуз!
Эске саларыбыз: ушул жылдын 9-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков окуу жайдын студенттери парламенттик шайлоонун үгүт жараянына катышкандыгы үчүн кызматынан бошотулгандыгы жар салынган. Мындан тышкары ОшМУнун педагогика факультетинин деканы Б. Муратбаев жана ошол эле факультеттин үч окутуучусу дагы кызматтарынан ажыраган. Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго дагы сөгүш жарыяланган. Соңку сааттарда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев өзү атайын комиссия түзүп, анын жыйынтыгы чыкканча Кудайберди Кожобековду ОшМУнун ректорлугунан убактылуу четтетти. Өз сөзүндө Өкмөт мүчөсү ОшМУнун ректору кызматынан биротоло бошотулбагандыгын, болгону шайлоого байланышкан фактыларды териштирүү аяктаганга чейин гана жумушунан убактылуу четтелигендигин дагы бир ирет эскертти. Баса, мындай шашылыш түзүлгөн өкмөттүк комиссия Бишкектин – борбордук Кыргыз Бийлигинин жашырын тапшырмасын аткарабы? Же чындыкты акыры моюндап, өз катачылыктарын оңдоп-түзөп, Кудайберди Кожобековду ректордук ордуна кайтарабы? Аман турсак, муну дагы көрө жатаарыбыз…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖКККББнын БЕШ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА 2010-ЖЫЛДАГЫ ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ ЭСКЕРИЛДИ
-
27.03.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МЕЙМАНКАНАЛАРГА ЖАНА КУРОРТТОРГО ЖЫЛДЫЗДАР ЫЙГАРЫЛАТ
-
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.