Аймак

АКСЫ ЖАНА АЛА-БУКАДА ШАЙЛООГО КАРАТА ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

АКСЫ ЖАНА АЛА-БУКАДА ШАЙЛООГО КАРАТА ЖАНА ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

 1,188 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 28-ноябрь күнү боло турган парламенттик шайлоого карата Аксы РИИБи тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,

Милициянын көчмө кабылдама унаасы менен кызматкерлер эл аралашып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Анда шайлоо күнү жана ага чейин добуш сатуу жана сатып алуудан алыс болуу керектиги эскертилди.

Мындан сырткары жарандардын арыз-даттануулары жеринде кабыл алынып, юридикалык кеңештер берилди. Күн суук мезгилдерде түрдүү кырсыктардан оолак болуп, кылмыштуулуктун алдын алууда биргелешип иштөө зарылдыгы белгиленди.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан жогорку класстардын окуучулары арасында эрте никеге туруунун алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле окуучулар арасында конкурстар уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Ата-энелер катышкан жыйындарда коомдогу терс көрүнүштөргө бөгөт коюу жана шайлоо күнү мыйзамдуулукту сактоо керектиги айтылды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17