Аймак

АКШ КЫРГЫЗСТАНГА PFIZER ВАКЦИНАСЫНЫН ЖАҢЫ ПАРТИЯСЫН ТАПШЫРДЫ

АКШ КЫРГЫЗСТАНГА PFIZER ВАКЦИНАСЫНЫН ЖАҢЫ ПАРТИЯСЫН ТАПШЫРДЫ

 807 Бардыгы /

БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргыз Республикасына COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 149 760 дозасын тапшырды. Бул вакцианалар дүйнөдө COVID-19 вакциналарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткизилди. АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшкө көмөк катары берип жатат.

  • Коопсуз жана эффективдүү вакциналар биздин иммундук системабызга COVID

оорусунун оорлошуна туруштук берүүгө жардам берет. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын элине вакциналар менен камсыз кылууну жана алардын өлкө боюнча жеткиликтүү болушун үчүн каржылоо аркылуу колдоону улантат, – деди АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү Өкүлү Соната Коултер.

Ошентип, жалпысынан АКШ 2021-жылдын октябрынан бери Кыргыз Республикасына Pfizer компаниясынын COVID-19 вакцинасынын 450 миң дозасын тапшырды.

  • АКШ Өкмөтүнүн жана башка эл аралык өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен

вакциналар Кыргызстанда бардыгына жеткиликтүү. Мен бардык кыргызстандыктарды оорунун оор агымынан өзүн жана жакындарын коргоо үчүн мүмкүн болушунча эртерээк эмдөөгө чакырам. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, эмдөө – COVID-19 менен күрөшүүнүн эң эффективдүү ыкмаларынын бири, – деди Кыргыз Республикасына Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бектурганов Улук-Бек.

Расмий статистикага таянсак, АКШда чыгарылган Pfizer вакцинасы менен 40 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өтүп, 62 миңден ашуун кыргызстандык бир дозасын алган. Таажы илдети башталгандан бери АКШ Кыргыз Республикасында COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары, бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17