Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт
НООКЕН РАЙОНДУК ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНУН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Сынак Сайдыкум айыл өкмөтү
Судебный департамент объявляет конкурс
КУЛАКТАНДЫРУУ (Мугалимдер керек)

АЛА-БУКАДА «КООПСУЗДУК-2022» МАШЫГУУСУ ӨТҮҮДӨ

АЛА-БУКАДА «КООПСУЗДУК-2022» МАШЫГУУСУ ӨТҮҮДӨ

 333 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан Ала-Букада «Коопсуздук-2022» биргелешкен штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өткөрүлүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, машыгууга Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары милициянын полковниги Нурбек Сыдыков, Ала-Бука РИИБдин жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын өздүк курамдары, ЖКККБнын кызматкерлери, күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Машыгуунун алкагында Ала-Бука районунун аймагында «Аскердик кооптуулук» күжүрмөн баскычы киргизилгендигине, массалык баш-аламандыктардын алдын алуу, өзгөчө маанилүү, маанилүү объектилерди жана атуулдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында коменданттык саат киргизилип, комендант болуп Ала-Бука РИИБдин начальниги милициянын полковниги Азенбек Козукеев дайындалган.

Район аймагына 3 жерге блокпосттор орнотулуп, милиция кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Мындан сырткары Жалал-Абад ОИИБдин Кинологоия борборунун кызматтык иттери да тартылган.

Ала-Бука районунун тургундарын жана конокторун тынчсызданбоого жана бардык иш-чаралар машыгуунун алкагында өтүп жаткандыгын билдиребиз. Учурда район аймагында коомдук абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө. Машыгуу 24-26-май күндөрү өткөрүлөт.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17