Аймак

ОШТО ҮСТӨЛ ТЕННИСИ БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ СОҢУНА ЧЫКТЫ

ОШТО ҮСТӨЛ ТЕННИСИ БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ СОҢУНА ЧЫКТЫ

 5,493 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында үстөл тенниси боюнча өлкө чемпионаты аягына чыкты. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Аталган республикалык чемпионатка өлкөбүздүн бардык аймактарынан, ошондой эле  Бишкек жана Ош шаарларынан 100дөн ашык курама командалар катышышты.

Эркектер арасында командалык мелдеште төмөндөгүлөр жеңишке ээ болду:

• 1-орун – Жалал-Абад шаарынын командасы;
• 2-орун – Ош шаарынын командасы;
• 3-орун – Бишкек шаарынын командасы.

Ал эми аялдар арасында:

• 1-орун – Бишкек шаарынын командасы;
• 2-орун – Ысык-Көл шаарынын командасы;
• 3-орун – Ош шаарынын командасы.

Жекелик мелдеште эркектер арасында:

• 1-орун – А.Эргешов (Жалал-Абад),;
• 2-орун – А.Таласбаев (Бишкек);
• 3-орун – Зарылбек у Н (Ош).

Жекелик мелдеште Аялдар арасында:

• 1-орун – А.Уланбекова (Бишкек);
• 2-орун – С.Кудусова (Бишкек);
• 3-орун – Р.Абдимиталипова (Бишкек).

Үстөл тенниси боюнча республикалык чемпионат Ош шаарында алгачкы жолу өткөрүлүп, анын жеңүүчүлөрү Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору жана баалуу белек-бечкектер менен сыйланышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17