Аймак

ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

 2,799 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 22-январда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин спартакиадасы салтанаттуу ачылыш менен башталды.

ЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасы билдиргендей, аталган спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт: волейбол, стритбол, жеңил атлетика, стол тенниси, чатыраш, эстафета, гирялык спорт, аркан тартышуу, тогуз коргоол жана бильярд. Спартакиада 22-январдан 26-январга чейин өткөрүлөт. Мындай спартакиадаларды өткөрүү ЭАУ үчүн салттуу иш-чаралардан болуп калган. Бул күндөрү окуу жайдын бардык кызматкерлери спорт аянттарында болуп, шаңдуу спорт майрамын белгилешет, натыйжада ден соолук, спорт жана достук чогуу жеңишке ээ болушат.

ЭАУнун окутуучуларына жана кызматкерлерине сергек жашоо ыңгайын үгүттөөдө ийгилик, ден соолук жана күч-кубат каалайбыз!

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17