Аймак

СЫНАК

 1,327 Бардыгы /

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук  “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү төмөнкү  мамлекеттик бош кызмат орундарга  

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

  1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн башкы адиси (бухгалтер) (У-Б)  (1 орун)

Кесиптик билимдин деңгээли:

-Кыргыз Республикасынын  жараны, 21  жаштан жогору ;

-Жогорку кесиптик билим төмөнкү багыттар боюнча: экономика; каржы, бухгалтердик эсеп жана аудит; банк боюнча иштери; менеджмент.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Кесиптик компетенттүүлүгү

Төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын : “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолуу жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  токтомдорун: 2008-жылдын      23-январындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө”; 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”;

-“Кыргыз  Республикасынын Финансы  министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 97-п “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө”  буйругун;

– СНиП  1У-5-82, гл.5; КР Госстрой (РДС-12-04,2007 гл.3 п.3.1-3.15;  КР Госстрой НИР-2000, баалардын прейскурантын №1 тиркемеси.

Билгичтиги:

-Өндүрүштүн менчигинин сакталышын, материалдык, эмгек жана каржы ресурстарынын сарамжалдуу колдонулушуна көзөмөлдөө жана мекеменин чарбалык каржы ишмердүүлүгүндөгү эсептик каттоону уюштурууну ;

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо каржы тартибин бекемдөөгө багытталган иш -чараларды жандандырууну жана иштеп чыгууну камсыздоо;

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

-“1 С-бухгалтерия” программасын билүү;

 -өндүрүштө эсептик каттоону уюштуруу боюнча жоболорду жана нускамаларды, аларды алып баруунун эрежелерин;

-акча каражаттарын, товардык материалдык баалуулуктарды чыгымдоо жана сактоону;

-кредиторлор жана дебиторлор (аласа жана береселер) менен эсептешүү эрежесин.

Көндүмдөрү:

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу.

Функционалдык милдети:

-Мекеменин каржылык – чарбалык бухгалтердик эсебин уюштуруу жана материалдык, эмгектик – каржылык баалуулуктарды, мекеменин  мүлкүн сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо;

-ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

-өзүнүн компетенттүүлүгүнүн чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

-мекеменин бухгалтердик эсебин жана отчетторун рацианалдуу уюштурууну камсыздоо;

-активдердин натыйжалуу жана максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө;

-өз ара эсептешүүлөрдү тактоо актыларын түзүү жана аларга кол коюу;

-кассалык тартиптин сакталышына көзөмөл жүргүзүү;

-казналык документтерин даярдоо, өткөрүү жана тиешелүү отчётторду өз убагында тапшыруу, мемориалдык ордерлерин жана тиешелүү элементтер боюнча бухгалтердик проводкаларды жүргүзүү.

 

Жалал-Абад областтык “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн Сузак району боюнча жетектөөчү адис (1 орун)

Квалификациялык талап :

-Кыргыз Республикасынын жараны, 21 жаштан жогору;

-Жогорку кесиптик билим төмөнкү багыттар боюнча: гидромелиорация; гидротехникалык курулуш; курулуш жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо; иш стажына талап коюлбайт.

-ПСД сметаны түзүү, чийме чийүү;

-толук оңдоо жумуштары өтө турган курулмалар үчүн долбоор иштеп чыгуу (эсептөө жана чиймелер);

-объекти нивелирдик жана теодолиттик ченем өткөрүү;

-аналитикалык иш-кагаздарды түзүү;

-презентация жасоого жөндөмдүү;

-геодезиялык инструменттерде иштөө, тиешелүү жайларда сүрөткө түшүрүү;

-компьютердик техниканы билүүсү шарт (Microsoft World, Microsoft Excel, Internet);

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Суу жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун: 2014-ж.22.04 № 238 “КР ӨКМдин алдындагы “Сел жана суу ташкындарынан коргоо”мамлекеттик агенттиги жөнүндө”; 2011-ж. 17.11 № 733 “КР Өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө”; 2012-жылдын 20.02 № 115 “КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө”;

-Кыргыз Республикасынын СНиП  1У-5-82, гл.5; КР Госстрой (РДС-12-04,2007 гл.3 п.3.1-3.15;  КР Госстрой НИР-2000, баалардын прейскурантын № 1 тиркемеси; КРӨ мамлекеттик курулуш жана архитектура инспекциясы тарабынан бекитилген 2000-ж. 27.06 № 8 “Өндүрүштүк имараттар”(СНиП КР 2001-ж. 31.05; СНиП 2.05.03-84; СНиП 2.03.1-84; СНиП 13.01-98; СНиП 2.06.04-82); Мамлекеттик архитектура боюнча КРӨ караштуу комиссиясынын токтому менен жактырылган 2001-ж.16.04 № 62 “КР территориясында курулма, имарат, мекемелердин курулуш наркын аныктоочу көрсөтмө (СНиП 81-01-00, азыркы мезгилде гидротехникалык курулмалар боюнча СНиП)” билүү керек.

 Функционалдык  милдеттер:

-Ай сайын коргоочу курулмалардын техникалык абалына көзөмөл жүргүзүү;

-курулмаларга көзөмөл жүргүзүү, байкоо журналын алып баруу, кварталда инструменталдык текшерүү жана алардын жыйынтыгын облустук бөлүмгө тапшыруу;

-курулуш жумуштарынын сапатына көзөмөл жүргүзүү;

-тосмонун тулкусунда жаралган деформациялардын пайда болушунун себептерин аныктоо жана аларды жоюу боюнча конкреттүү чараларды колдонуу;

-турак жайларга жана айыл чарба жерлерине суу ташкындары коркунуч жаратуучу чендерди  аныктоо жана аларды изилдөө;

-оңдоп калыбына келтирүү жумуштарына техникалык көзөмөл жүргүзүү.

Сынакка катышуу үчүн негизги документтерди тапшыруу зарыл:

-Жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасын сүрөтү менен; өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени;

-паспорттун көчүрмөсүн;

-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө докуметтеринин  көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан  күбөлөндүрүлөт);

Кошумча:

-аскер билетинин көчүрмөсү (эгерде аскерге милдеттүү болсо);

– ден соолугу боюнча малымкат (форма 086 У).

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди дарекке жарыя ММК чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде иш күндөрү саат 9:00дан 18:00го чейин тапшыруу керек.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү 18 , тел. 037-22-2-50-94.

Сынак өткөрүү орду жана убактысы кошумча билдирилет.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17