Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
927 Бардыгы / Коңшулаш Тажикстан бийлигинин расмий өкүлү Баткен эч качан Кыргызстанга таандык эмектигин ачык эле жарыялады. Мындай күтүүсүз жана жүйөөсүз билдирүүгө Кыргыз бийлиги адекваттуу жообун шардана кыла элек. Серепчилер дал ушундай ачыктан ачык тишерүү жапжаңы чыр-чатактарга даңгыр жол ачып, ансыз деле чыңалуу чегинде турган чек арада дагы бир ирет кан төгүлүүсүн шарттайт деп үстөккө-босток коңгуроо […]
928 Бардыгы / Коңшулаш Тажикстан бийлигинин расмий өкүлү Баткен эч качан Кыргызстанга таандык эмектигин ачык эле жарыялады. Мындай күтүүсүз жана жүйөөсүз билдирүүгө Кыргыз бийлиги адекваттуу жообун шардана кыла элек. Серепчилер дал ушундай ачыктан ачык тишерүү жапжаңы чыр-чатактарга даңгыр жол ачып, ансыз деле чыңалуу чегинде турган чек арада дагы бир ирет кан төгүлүүсүн шарттайт деп үстөккө-босток коңгуроо […]
ОТ МЕНЕН ОЙНОГОН ГЕНЕРАЛ
17.02.2020 / Автор aymak929 Бардыгы /
Коңшулаш Тажикстан бийлигинин расмий өкүлү Баткен эч качан Кыргызстанга таандык эмектигин ачык эле жарыялады. Мындай күтүүсүз жана жүйөөсүз билдирүүгө Кыргыз бийлиги адекваттуу жообун шардана кыла элек. Серепчилер дал ушундай ачыктан ачык тишерүү жапжаңы чыр-чатактарга даңгыр жол ачып, ансыз деле чыңалуу чегинде турган чек арада дагы бир ирет кан төгүлүүсүн шарттайт деп үстөккө-босток коңгуроо кагып жатышат.
Соңку сааттарда Тажикстандын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстанга чектеш Тажикстандын Согдий облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновдун айткандарын эч өзгөртүүсүз байма-бай жарыялашты. Муну таппай эле турушкансып, чет өлкөлүк интернет булактары дагы маекти улам көчүрүп басып эле жатып калышты.
– Эгерде тарыхты аңтарсак, Баткен эзели Кыргыз жери болгон эмес! – дейт Тажикстандын Согдий облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувонов. – Менин ата-бабаларым кыргыздарды Баткенге апкелишип, кыдырата отурукташтырган. А бүгүн дал ушул жакшылыктын өзү Тажик тараптын баш оорутмасына гана айланып олтурат.
Деген менен Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ӨкүлчүлүгүТажикстандын Согдий облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновго акыры каш кайтарып, каяша айткан билдирүүсүн таратты.
«Тажикстандын Согдий облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновдун айтымында, чекарада чыр-чатагы боюнча он алты кылмыш иши катталды. Кыргыз Республикасынын 27 жаранына Эл аралык издөө жарыяланыптыр. А чындыгында, таптакыр мындай эмес! Өзүнүн чагымчыл жана эки элди ачык кайраштырган Билдирүүлөрү аркылуу Тажикстандын үлкөн аткаминери Чекара тилкесинде бара-бара турукташып бараткан тынччылыкка дагы күтүүсүз бүлүк салып, эки боордош элдин ортосуна кадимкидей эле от жагып олтурат,» – деп айтылат Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн расмий билдирүүсүндө.
– Баткен эч качан Тажикстанга караган эмес! Мындан ары деле ага көз каранды болбойт дагы! Бул – Кыргыз элинин эзелтен туруктуу байырлаган гана аймак! – деп аябай тызылдады Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чекара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы Штабдын жетекчиси, полковник Абдыкарим АЛИМБАЕВ.
–Тажик генералынын жогорудагы жосунсуз жоругунан кийин бардык дипломатиялык, экономикалык, соода-сатык жана маданий алакабызды дароо токтотуп койсок болмок. А иш жүзүндө мындан ким жапа чегет? Албетте, карапайым эле калк. Ошондуктан, Кыргызстан Тажикстандын Согдий облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновго таптакыр теңелбестен, Эл аралык жана Эки тараптуу келишимдердин алкагында гана өз ара мамилелерин мындан ары деле ырааттуу түрдө улантат. Бирок, мен генерал Абдулло Навджувонов жок дегенде Тажик элинин алдында кечирим сураганга эрки жетет ко деп терең үмүттөнөм! Анткени, коңшуларыбыз кыйла жылдар бою жарандык согуштун азабын куп эле тартышпадыбы…
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чекара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Башкы Штабдын жетекчиси, полковник Абдыкарим АЛИМБАЕВ дагы буларды кошмчалады:
– Мен деле Тажистандагы Ворух жана Чорку анклавдарын Кыргызстанга таандык экендигин тартынбай эле айткым келет. Генерал-майор Абдулло Навджувоновду мен таптакыр билбесем экен. Чекара маселеси боюнча экөөбүз өткөн жылдын 17-сентябрында эле жолукпадык беле. Менимче, Тажик генералын атайылап эле адаштыргандар бар. Аныгында дал ошолор өз элинин жана Дүйнөлүк тарыхты дээрлик билишпейт.
Ал эми акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажистандын Кыргызстандагы Элчиси Назирмад Ализоданы токтоосуз килемге чакырып, анын колуна Нааразычылык нотасын бекем карматты.
Ал эми Ата Мекендик серепчилер Тажик бийлигинин расмий өкүлү токтоосуз тартипке чакырылып, анда ары кылмыш жоопкерчилигине ыкчам тартылбаса, ушинтип эле олтуруп акыры дагы бир чыр-чатак күтүлөт деп дагыле кооптонуп жатышат.
– Генерал-майор Абдулло Навджувонов – көчөнүн баласы эмес, үлкөн жетекчи! Андыктан, ал айткан сөзүнө токтоосуз жооп бериши кажет! – дейт жергиликтүү серепчи Бакыт ОРОЗБАЕВ. – Эң эле өкүнүчтүүсү: эки мамлекеттин мындан аркы алакасына оңбогондой доо кетирип, көлөкө дагы түшүрүп, а түгүл Кыргыз жана Тажик алакасына ачык эле от жагып таштабадыбы. Ошондуктан, Абдулло Навджувонов бул жосунсуз жоруктарына ылайык мыйзам чегинде токтоосуз жазаланса, мындай кадам Эки өлкөнүн тең башка аткаминерлерине дагы ачуу сабак болоор эле…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Баткен облусу
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБде ЖАҢЫ АВТОУНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
-
26.05.2023 / Автор anarkan_kg УУРДАЛГАН ЖЫЛКЫЛАР ӨЗ ЭЭЛЕРИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.