Аймак

15-ФЕВРАЛЬ – “АФГАНДАР КҮНҮ”

15-ФЕВРАЛЬ – “АФГАНДАР КҮНҮ”

 3,795 Бардыгы /

ООГАНСТАН – АПАТ, МУҢ КАЙГЫ

15-февраль Ооган ардагерлери үчүн өзгөчө күн. Совет элинин муң кайгысы болгон Ооган согушу элибиздин эсинен эч качан чыкпайт. 1970-жылдар аралыгында Совет мамлекетинин  түштүк чек арасында жайгашкан Пакистан, Иран мамлекеттери Американын таасиринде калып, Кытай мамлекети да кыр көрсөтүп турган мезгил эле. Түштүк чектеги Ооганстан өлкөсү Советтер Союзу менен достук мамиледе болгон. Эл аралык аренада Совет мамлекетинин түштүк чек арасынын солгундаганын түшүнүшкөн КПСС борбордук Комитетинин саясий бюросунун жашырун чечиминин негизинде идеологиялык таасирин күчөтүү менен Афганистан Элдик Демократиялык партиясына жардам бериле баштаган.

1979-жылы 25-декабрында Ооганстанга советтик аскерлер киргизилсе,1989-жылы 15-февралда советтик аскерлер ооган жергесинен чыгарылган.  Статистикалык маалыматка таянсак, ушул убакыт ичинде 620 миңдей советтик офицер, жоокерлер кызмат өтөп, 15 миңдей жоокер көз жумуп, 54 миң жоокер жарат алышкан. Ал эми Кыргызстандан 7 141 жаран согушка катышып, душман колунан 300дөн ашууну каза болсо, 1 500 жоокер жарат алып, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Өлкөбүздөн 2 адам – Юрий Исламов жана Сергей Гущин Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.

 “КЫЗЫЛ ЖЫЛДЫЗ” ОРДЕНИНИН ЭЭСИ БОЛГОН ФЕЛЬДШЕР

10 жылга созулган Ооган согушу жүздөгөн тагдырларды, миңдеген жаш жигиттердин өмүрүн алган. Ал согушка Жалал-Абад шаарынан 200дөй жоокер катышса, бүгүн алардын 82си жашап, иштеп өмүр кечирип келет. Алардын катарын Адылбек ТАНИКУЛОВ толуктайт.

Адылбек Таникулов учурда тиш дарыгери болуп эмгектенип келет. Ооган согушунда кесиби фельдшер болгондуктан жараланган жоокерлерге биринчи жардам көрсөтүп келген.

1978-жылы мектепте 8-классты аяктап, медициналык окуу жайга тапшырып, 1983-жылы фельдшер кесибинин ээси болуп чыккам. Ушул эле жылы май айында башка эр азаматтар сыяктуу Советтик Армиянын катарына аскердик кызматка чакырылып, алгачкы 6 ай азыркы Казакстан Республикасынын Жамбул облусундагы Гвардейский шаарында кызмат өтөп, Афганистан Республикасына интернационалдык милдетти аткарууга алып кетти.70тей сан инструкторлорду топтоп, Кабулга алып барып түшүрдү. Бир жумадан кийин бөлүштүрүүдө мен Кундуз провинциясынын шаарындагы медициналык батальонго туш болуп, анын ичинде чалгындоо батальонуна бөлүнүп кызмат өтөдүм.

Афганистан демократиялуу республика болгону менен өтө жакыр, өнүгүүсү артта калган эле. Биз мындан 20-кылымда барсак, алардын жашоо шарты 15-16-кылымга таандыктай жапыс тамдар болчу. Бул жактан жардам катары бардык нерселер тамак-аш, курулуш материалдар, медикамент жана башкалар барып турчу. Душмандар менен болгон кагылышта жаракат алган жоокерлерге биринчи жардам көрсөтүү менин милдетим эле. Башымда каска, ийинимде биринчи жардам көрсөтүүгө ылайык дары-дармектерге толгон сумка менин куралым болчу. Жеңилирээк жарат алгандарга жеринде жардам көрсөтсөк, оор жаракат алгандарды госпиталдарга жөнөтчүбүз. 1984-жылы май айында душмандардын буктурмасына кабылып, күжүрмөн аскерге катышып, ошол кездеги жараланган жоокерлерге көрсөткөн кызматым, интернационалдык милдетимди аткарган эрдигим үчүн СССР Жогорку Советинин буйругу менен “Кызыл жылдыз” жогорку ордени менен сыйландым. Кийин Атарга келип калган кызматымды өтөп, 1985-жылы май айында демобилизацияландым.1985-1990-жылдары медициналык институтту ийгиликтүү аяктап, врач-стоматолог кесибине ээ болдум.

“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”- дегендей, мекен алдында өз милдетимди аткарып келдим. Бешенебизге ушул күндөрдү Аллахым жазган экен, мекенибизге аман кайтып келдик. Канча эр азаматтар мерт кетти. Кыргызстандан 7000дей жоокер барса, анын 350дөйү каза болуп, 1500 жоокер жарадар болуп келди. Убакыт бизди тандаган экен. Менин ордума башка адам болгондо да барса керек эле. Ал мезгилде союз улуу держава, экономикасы күчтүү мамлекет болгон. Ага баш ийип, мекенге болгон милдеттүү кызматты өтөп келдим. Учурда да мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуп, кесибим боюнча врач-стамотолог болуп элге кызмат көрсөтүп келем.

Мекенибизди көздүн карегиндей сактоо ар бир эр азаматтын милдети. Эли, жери үчүн мекенин коргоого бардык жаштарды чакырат элем. Мурда эки жыл кызмат өтөгөнбүз. Азыр бир эле жыл. Менин эки уулум бар, алар да мекенге кызмат өтөштү. 

СОГУШ ЭЛЕСИ ЖҮРӨГҮНДӨ, ОГУ БУТУНДА КАЛГАН

Орозали САРТБАЕВ Жалал-Абад шаардык Ооган согуш ардагерлер кеңешинин төрагалык кызматын аркалап келет. Ооган согушунда 18 жаштагы жигит болгон. Согушта бутуна осколька тийип, бүгүнкү күндө да азабын тартып келет.

-1979-жылы Ооган жергесине белгисиз адамдар тарабына кол салуу болгон мезгилде андагы жергиликтүү калкты душмандардан коргоо боюнча СССРдин курамындагы советтик жоокерлер жөнөтүлгөн. Алардын катарында мен да өзүмдүн интернационалдык милдетимди аткарып келдим. Узакка созулган бул согушта канчалаган кырчын жаштар баатырларча курман болду, жаракат алды. Ошол жактан алган жаракаттарынан улам Ооган согуш ардагерлеринин катары суюлуп баратат. Азыркы күндө кээ бирлери кайтыш болуп, кээ бирлери ден соолугунан ар кандай ооруларга дуушар болуп олтурат. Бүгүнкү күндө шаарда 82 Ооган согуш ардагери бар. Буларга биздин мамлекет тарабынан бир топ жеңилдиктер көрсөтүлгөн. Мурда санаторияларга жолдомо жана башка ушул сыяктуу жеңилдиктер каралып келсе, 2008-жылдан баштап ар бир согуш ардагерине айына 6 миң сомдон жөлөк пул каралган. Мындан сырткары Жалал-Абад шаардык мэрия тарабынан жылына майрамга карата 2 миң сомдон акча каражат берилип келет. Ошону менен бирге 20дан ашык Ооган согуш ардагерлеринин жесирлерине же балдарына жылына бир ирет жардам көрсөтүү менен биздин ар кандай сунуштарыбызга колдоо берип келишет.

Мен Ооган согушу болгон учурда 18 жашта болгонмун. Согушка өз ыктыярым менен  бардым. Алгач 2 ай даярдоодон өттүк. Анда өзүбүздү коргоону, курал колдонууну терең үйрөттү. Ал жерде душмандар түнкүсүн айылдарга кол салышты, көпүрөлөрдү жардырышты. Бир канча жолу атайын рейддерге катыштым. Согуш учурунда 3 ирет өзүмдү жоготтум. Алардын биринде биз бара жаткан боевой машина пехта жарылган. Ошол жардырууда оң бутума осколька тийип, азыркы күнгө чейин жүрөт. Мина жарылганда чуркап барып жыгылганмын. Бутум үзүлүп кеткендей болгон. Бирок кийин көзүмдү ачып карасам бутум ордунда экен. Жанымдагы балдар келип өтүктү кескенде канга толгон. Жүгөрүдөй 3 осколька тийген экен. Кийин госпиталга жөнөтүштү. Медиктер оскольканын терең кирип кеткендигин айтып, эгер макул болсоң алабыз, бирок бутуң иштебей калат, жок десең капсула болуп кала берет, суук мезгилде ооруйт дешкен. Мен бутумду кестиргим келбеген, операциядан баш тартканмын. Азырда азабын тартып келем. Суук мезгилде оорутат. Согушка кеткенибизди ата-энебиз билбеген. Алар армияга кызмат өтөгөнү кетти деп жүрүшкөн. Ошол мезгилде менин атыма ыраазычылык кат келип, апамдын колуна тиет. Апам кат орус тилинде жазылгандыктан окуп, түшүнбөй балама кара кагаз келген окшойт деп беш-алты адамга алып барып окутат экен, ыраматылык апам ишенбей. Ошол беш-алты адамдын баарынын айтканы бирдей чыкканда гана апам тирүү экениме ишенген экен.

Мен үй-бүлөдө 12 бир тууган 8 уул, 4 кыз ичинен ортончусумун. Бир туугандарымдын баары армияга барып кызмат өтөгөн. Мурда ар бир эр азамат мекенге кызмат өтөчү. Негизи эркек адамга мекенди коргоо кызматы милдет катары жүктөлөт. Андыктан ар бир эр жигит душмандардан элин, жерин коргоого ар качан даяр болуусу керек. Мурда армияга барган балдардын саны, баасы бийик турат эле. Азыр да акыркы жылдары бир топ жакшы жакка өзгөрүүлөр болуп жатканы байкалып калды. Армияга барып кызмат өтөбөсөң жогорку, жооптуу кызматтарга алынбай турган жана башка шарттар каралган. Ага карабастан бүгүнкү күндөгү балдардын ден соолугу начар. Анткени атайын ден соолугун текшерүүгө алганда көпчүлүгү өтпөй калганы өкүндүрөт. Бул армияга барбай калуунун бир жолубу? Билбейм. Азыркы жаштарда мекенге болгон сүйүүнүн солгундугу байкалууда. Жок, ар бир Кыргызстандын эр жигити мекенчил, ден соолугу бекем болушу керек. Мамлекеттин туусун көтөргөн, элинин тынчтыгын камсыздаган, Кыргызстандын атын чыгара турган эр азаматтарыбыздын катары көбөйүүсүн каалайм. 

АЛГАЧ АДАМГА КАРАП ОК ЧЫГАРУУ КЫЙЫН БОЛОТ

Сейит АБДЫСАЕВ да башка эр азаматтар сыяктуу мекенди коргоо милдетин аткаруу үчүн 1981-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Ошол жылдын 4-апрелинде Жалал-Абад шаардык военкоматтан Түркменстан Республикасынын Такта-Базар шаарына аскерге жөнөп кеткен. Тагдырдын жазмышы менен Ооган согушуна катышып, аман кайтып келген.

-Алгач Түркменстан Республикасынын Такта-Базар шаарындагы двизиялык окуу борбору аталган лагерде 3 ай жаш жоокерлерди даярдоо курсунан өтүп, анда куралдардын түрүн колдонууну үйрөнүп, анан Ооган жергесине барганбыз. Ал жерде 371 аткычтар полкунун  8-ротасында катардагы жоокер болуп жүрүп, кийин ошол эле полктун инженердик сапёрдук ротасына которулгам. Ал жерде сапёр да, айдоочу да кызматты аткардым. Сапёрлор дайым аскерлердин жолун миналардан тазалап, алдыда жүрчүбүз. 1982-жылы Герат шаарында двизиялык рейд болуп, ошол жерде жоокерлерибизге жолду миналардан тазалап жүргөндө буктурмага туш болдук. Ал учурда душманга каршы жасаган кыймыл-аракетибизди мамлекет баалап, “ЗА отвагу” медалы менен сыйлады. 1983-жылы май айында мекенге кайтып келгенмин. Согуш күндөр дале көз алдымда. Биринчи барганда адамды карап таш уруп көрбөгөнгө кыйын болот экен. Душманды көрөсүн, атканга жүрөгүң, колуң барбайт. Ал эми душмандын огу сен тарапка карай агат. Жашынасын. Биздин инженердик кызматтын начальниги майор Левитский Генадий Петрович экөөбүз шаар аралап, дүкөндөрдү карап, оогандыктардын жашоосуна кызыгып келе жатып, кокустан бир буктурмага туш болуп калдык. Дүкөндө соода кылган аксакал аркабыздан мылтыктын заторун тартканда (ал үн кулакка сиңип калат) майорду басып жыгылгам. Ал аксакал атканга үлгүрдү, бирок огу бизге тийбей калды. Анткени ал бир ок гана атып мылтыгын таштап артка качып кеткен. Ошол учурда колумда автоматым турат, атсам тиги аксакалга тиет, жакын эле жерде качып баратат, эмнегедир колум барбай атпагам. Атпаганым үчүн майордон катуу уруш укканмын. Жогоруда айткандай сапёрлор чек ара кайтарган бир ботальонду 3 ай аралыгында экинчи ботальон менен алмаштырууда коштоп барып алмаштырып келчүбүз. Ошондой болуп баратканда разведчиктер бир чабанды кармап келишет. Анын колунда дүрбү жана радиоприемниги болот. Кызыгы анын радиоприемнигинде биздин байланыштар угулуп тургандыгы байкалган. Анын маджехат экендиги далилденгенден кийин ал кишини жок кылууга буйрук берилет. Аны жок кылуучу башка кызматчылар болот, бирок биздин начальник ошол кишини жок кылуу кызматын суранып алып, аны мага атууга буйрук берген. Ошондо биринчи ирет адамга ок чыгарганмын. Андан кийин жанымда жүргөн жакшы санаалаш жоокерлердин окко учканын көзүм менен көрүп, ошол учурлар мени душманга ок чыгарууга түрткү бердирген. Кийин кадимкидей согушуп кеттим.

Аэлина АЛИШЕРОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17