Аймак

Сабактын темасы: АДАМ КӨРКҮ-АДЕПТҮҮЛҮКТӨ

Сабактын темасы: АДАМ КӨРКҮ-АДЕПТҮҮЛҮКТӨ

 54,518 Бардыгы /

Сабактын максаты:

А) Окуучулар жаңы тема жөнүндө

түшүнүк ала алышат.

Б)   Оозеки жана жазма кепти

өстүрүшөт, сынчыл ой жүгүртүүгө

машыгышат.

В)   Адеп –ахлактуулукка, ыймандуулукк

тарбияланышат.

Сабактын тиби:  Жаңы билим берүү.

 

Сабактын усулу:  суроо–жооп, топтор менен иштөө

 

Сабактын жабдылышы: таркатмалар, түстүү сүрөттөр,

буклеттер.

 

Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу

Б)  Макал –лакап айтуу

В)  Өтүлгөн тема менен жаңы

теманы байланышы

 Жаңы тема:
“Инсандын эң калыс, эң сулуу жана эң негизги асылдык чеги уяты менен адеби болуп санала тургандыгын улуу адамдар айтып кетишкеню”

 

Адептүүлүк деген сөздү өзүбүздөн улуулардан көп угабыз. Ата-энебиз да адептүү болгула деп дайыма айтышат.

Сылыктык, сынайыгерчилик, элпектик, улуу-кичүүнү сыйлоо сыяктуу сапаттар ар убак адептүүлүктүн белгиси болуп келген. Булар элибиздин салтында, урп-адатында калып танып жана өркүндөп келе жатат.

Орой сүйлөп, сөз каалаганын жасап, элди көзгө илбегендерди элдер ар канча жактыр бай келишкен. Адептүүлүк эрежелерин биз улуулардан дайыма үйрөнүп, өзүбүздөн кичүүлөргө аздыр –көптүр үйрөтүүбүз керек.  “Этика” деген эл аралык түшүнүк бар. Ал адептүүлүк  эрежелеринин жыйындысы. Бүгүнкү күндүн талабы боюнча адам адептүүлүк гана болбостон, айлана чөйрөдөгү адамдардын эң жакшы  жүрүм –турумдарын өз алдынча үйрөтүүгө жана аны башкаларга үйрөтүүгө тийиш .

Элибизде : Адептүү алкыш алат, адепсиз каргыш алат” деген абдан маанилүү накыл сөз бар.

Адептүүлүктүн негизги белгилери –кичи пейилдик, жөнөкөйлүк. Эстүү адам өзүнүн кичи пейилдүүлүгү менен айырмаланып, билими жана чечендиги менен адамдардын көңүл тереңине, өзүнө жол ачат. Көпчүлүк түн арасында улууларды чын дилден сыйлай билүү, өзүнөн кичинекейлерди ызаат кылуу эң негизги милдеттерден.

Адептүү болуу –акырындык менен калыптандырылуучу жана өтө татаал иш. Ошондуктан үйдө болсун, көчөдө болсун артыкча жосундарды колдонбой, дайыма адам баласынын асыл сапаттарын көңүлгө түйө жүрүү керек. Өзүңө кандай жакшы максаттарды, тилектерди кааласаң башкаларга да, дал ошондой тилек –максаттарды каалоо –адептүү, маданияттуу адамдардын белгиси.

Кекчилдик, оройлук, кекирейүү, мактанчаактык, билимсиздик, маданиясыздык жат жактардан алыс болуу керек:

Мындай сапаттар адепсиздикке гана алып барат.

“Кабус Наамеде” төрт түрдүү кулк  мүнөзгө акырында

Өжөрлүк –уятка, жеңилдик –өкүнүчкө, заар тил-өчөшкөндүккө, жалкоолук- басынууга алып келээри айтылган. Балдар, силер, мыкты кулк –мүнөздөрдү үйрөнүп, башкаларга үлгү болууга тийишсиңер.

Мындай макалдар жакшылыкка гана үндөйт

 

Адептүү киши азаптан алыс болот”

Абийир тапса баласы, атасына бак конот.

Баймын деп мактанба, жокмун деп суктанба

Бышыктоо: Насыят сөздөрдүн маанисин чечмелөө.

 

  1. “Адамдын көркү адилеттүүлүктө, Жигиттин көркү адептүүлүктө”.
  2. “Адептүүлүккө жаш кезиңден үйрөн”
  3. “Адам көйнөгүнөн эмес, адеби менен бааланат”
  4. Адептүү бала мактанса, ишти тындырат, адепсиз

№16 А. Навои атындагы орто мектеби, Долимова Комила Ала-Бука району

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17