Аймак

Акылбек АЛИМБЕК уулу, Түштүк Кореядагы мигрант: «КОРЕЯДА ИШТЕП БУТУМА ТУРДУМ»

 6,796 Бардыгы /

Корей жарым аралы өткөн кылымдын 40-жылдарында саат сайын электр өчүп, суу түтүктөрү жарылган оор абалда күн кечирген өлкө эле. Азыр Түштүк Кореяга агылган туристтер, иштеп бутуна турган мигранттар толтура. Алардын арасында кыргыз жаштары да көп. Бүгүнкү биздин маектештин бул өнүккөн өлкөгө барганына 4 жылга чукулдап калыптыр. Ал өзүнүн Түштүк Кореяга кантип баргандыгын, башынан өткөргөн тажрыйбасын бөлүшөт. «Атам-энем, эжем, иним» деп турган кайрымдуу, боорукер Акылбектин ар бир сөзүнөн туулган жерге болгон сагынычы, жакындарына болгон кусалыгы байкалып турду.  Анда Жалал-Абаддын бир уулу – Кореяда.

 

КААРМАНЫБЫЗ:

24 жашта, жылдыз белгиси – текечер

Жактырган тамагы – дымдама, манты

Бою – 180 см

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

Кыздардагы баалаган сапаты – жөнөкөйлүк, мээримдүүлүк, тазалык

 

«АГАЙ ЖАКШЫ ТҮШҮНДҮРГӨН ҮЧҮН ТАРЫХТЫ ЖАКШЫ КӨРЧҮМ»

1993-жылы  Аксы районунун Үч-Коргон айыл округунун азыркы Нарын айылында жарык дүйнөгө келгем. Ата- энем карапайым, эл арасындагы эле адамдар. Атамдын аты Алимбек, апакемдики Келсинбу. Атам Үч-Коргон айыл чарбасында тракторист болуп иштеп жүрчү, кийинчерээк ал тарап да кетти. Үй-бүлөдө  эки кыз, эки уулбуз. Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте 9-класска чейин окуп, кызыктуу күндөр баштан өткөн. Ал учурлар көкүрөгүмдөн кетпейт.  Мектепте уялчаак, жоош бала болгом.  Көп сүйлөчү эмес элем. Биринчи класстан 5-ге чейин орус тилден берген орус эже бар эле баарыбызды  коркутуп окутчу. Азыр ойлосом бир нерсе билип, үйрөнүп алышсын деген жакшы ойлор менен өтчү экен. Окуучунун бир сабакка ынтаа коюусу, аны өздөштүрүп кетүүсү мугалимден да көз каранды тура. Мисалы бизде Кыргызстандын тарыхын өткөн агайыбыз аябай кызыктырып өтчү. Ошондуктан тарых менен алгебраны жакшы окуп калсам керек.

Үйдө улуу бала болгондуктан үкөмө кеңешимди айтып турам. Бир жолу отун жагып олтурганбыз, бир кезде өчүп калды. Мен иниме ширеңкенин чийин көрсөтүп, «ушул күкүрт болбосо чийи күйбөйт. Демек адамдын да башында билими болбосо жашоодо көп ийгиликке жете албайт. Андыктан «жакшы оку, аракет кыл, изден» деп айттым.

 

«БЮДЖЕТКЕ БИЛИМИМ ЖЕТПЕЙТ, КОНТРАККА ҮЙ-БҮЛӨМДӨ ШАРТ ЖОК»

Кийинчерээк 9-классты бүтүп орто окуу жайга тапшырайын дедим. Кесип тандодо башым маң болду. Анткени каалаган кесибиме билимим жетишпейт, же үй-бүлөмдө шарт жок. Мен ошентип ойлогом, үйдөгүлөрдү кыйнагым келбеди. Бюджетке тапшырайын десем билимим жетчү эмес, англисче да билбейт элем. Анан эжемдин, ата-энемдин ойлорун угуп Ошто финансы кредит гуманитардык экономикалык колледжинин кыргыз кытай экономикасы адистигине тапшырдым. Студенттик күндөр башталды. Жашаган батирибиз окуу жайга алысыраак эле. Ошол себептен кечигип калбоо үчүн эрте туруу, сергек болуу сыяктуу  адаттар калыптанды. Алгач үйдү, айылды сагынып кыйналсам, кийинчерээк үйрөнүп кеттим. Студент кездери  кошумча иштеп жоопкерчилик дегенге үйрөндүм. Башында кайсыл жерлерде жана кандай убакытта экен, окуума тоскоолдук кылбайбы, мага туура келеби деген ойлор болгондуктан туруктуу ишке орношкон эмесмин. Күнүмдүк  же түнкү иштерди карап акча тапчум. Жаш эле туруп ата-энемден алыс жүрүп, жалындаган доор ошентип бардык нерсени көрүүгө, турмушка бышууга тарбиялады. Жаман жолдорго барбаганыма шүгүр кылам. Мисалы ач калганда күндөр болгон, бирок бирөөнү тоноо оюма келген эмес.

Ошол шатыра шатман студенттик күндөрдүн биринде эжемдин Аравандык курбусу үйгө келип калды. Агаларынын Кореяда иштегенин, айлык акылары жакшы экенин айтып бергенин угуп кызыгып калдым. Анан толук маалымат сурап, кайдан окуса болоорун такташтырып билдик. Ал Кыргыз Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миргация кызматынын Ош шаарындагы борбору эле. Ал жерде корей тил курсу бар экен. Эжем ал жерге мени жаздыртып кетти. Ошентип тагдырымдын бурулушуна эжемдин ошол курбусу жана эжем чоң себепкер болуп калышты. Аларга терең ыраазымын. Анда 2011-жылдар эле. Кийинчерээк Бишкекке барып экзамен тапшырдым. Тесттен өтүм. Документтерди даярдай баштадык. Бирок келишим келген жок. Ал ортодо окуумду да аяктап калдым. Курска барып, тилди тереңдеп өздөштүргүм келет бирок каражат жок, ошентип улантууга дараметим жетпеди. Ага албетте акча керек эле. Менин же жумушум болсо. Ата-энемден болсо сурай албадым. Анткени эжемди, мени окутушуп кыйналып калышкан. Ошентип айылга кеттим. Шаарда калсам 7000-10 000 сом айлык акы өзүмдү өзүм камсыздоого да жетпейт эле.

 

«ТЕСТТЕН ӨТКӨНДӨН 2 ЖЫЛДАН КИЙИН ЧАКЫРУУ КЕЛДИ»

Айылда болбоду. Жумуш жок, кысылып кеттим. Кайра Ошко келип, досумдун жанына барып кытайлар менен кошо кафел чыгаруучу заводунда эмгектене баштадым. Студент кезде иштеген болчум. Эсимде биринчи айлык алганымда кафеге барып өзүмө жаккан тамактарды жедим да базарга барып ата-энеме татууларды алып, арткан акчаны кошуп айылга салып жибердим. Негизи ичимдик ичпейм, тамеки тартпайм айлыгымды толугу менен айылга салчумун. Ошентип иштеп жүргөн күндөрдүн биринде 2013-жылы июль айында, тесттен өткөндөн эки жылдан кийин миграция кызматынан чалып күтүүсүз кабар угузушту. Мен Түштүк Кореяга жумушка чакыруу алдым. Кубанычымды айтпагыла. Беш жыл бир номерди көтөргөнүмдүн пайдасы болду. Антпесе мени таппай калышмак экен. Бишкекке барып бир жарым ай тил курсуна барып, документтерди кайрадан чогулттум. Буйрук экен, 2013-жылы октябрь айында 22 кыргыз Иньчхонго келип түштүк, арасында эң кичүүсү мен элем.

 

«АБАСЫ МЕНЕН АШКАНАСЫ ӨӨН УЧУРАДЫ»

Аэропортко келгенде жагымдуу сезим болду. Кантсе да чет өлкөгө биринчи жолу келишим эле. Биринчи эле көзгө урунганы шаардын тазалыгы болду. Жаркырайт. Бирок абасы нымдуу болгондуктан  жыты жаккан жок. Өзгөчө жыты болот экен. Жайкысын  дем, кышы кара суук. Тамак аштары да биздикинен башкача го, көңүлгө туура келген жок. Мага супсактай сезилет. Керек болсо татуулары да гүрүчтөн жасалат.

Бардык чет элден келген мигранттарды 3 күн окутушту, жумушубузду үйрөтүштү. Анан келишим жиберген заводдорго бизди бөлүп салды. Мен Дегу шаарына кеттим. Ал жерде унаанын тетиктерин чыгаруучу заводдо иштегениме 5 ай болгондо банкрот болуп калышты. Кызматкерлерге мыйзам чегинде компенсация төлөп беришти.  Биздин визаны «нодонбу, F9» деп коёт. Жумушсуз калсак, иш менен камсыз кылышат. Эми шаар тандоо укугуна ээ болдум. Мен борбор калаага жакын жерди тандадым.

Шарт бардык заводдордо бирдей эмес, бирок түшкү тамак сөзсүз берилет. Мен өзүмдүкүн айтып кетейин, үч мал тамак жана жатаканам бекер берилген. Ошон үчүн үйдө тамак жасабайм. Заводдо пенопласт чыгарабыз. Азыр Кыргызстанда да СИП панель, карказ үйлөр курулуп баштады. Биз ошол СИП панелдерди чыгарабыз.  Жумушум мага жагат, баары автоматташтырылган. Аларды так аткарууга аракет кылам. Биздин жумушта чыгынды чыгарбастан, тыкан иштөө керек. Эртең менен 08:00до башталган жумушубуз кечки 17:00дө бүтөт. Кудайга шүгүр, бул жактан иштеп айылдагы үйдү бүтүрүп, атама, иниме унаа алып бердим.

МЫЙЗАМ ҮСТӨМДҮҮ, БААРЫНА БИРДЕЙ ИШТЕЙТ

Корейлер абдан эмгекчил деп уксаңыздар керек.  Чынында эле ошондой, достор менен ичип олтуруп таңкы саат төрттө үйүнө келсе да эртең менен кадимкидей жумушта, сергек эле жүрө беришет. Бул абдан жоопкерчиликтүү, жумушка берилүү дегенди билдирет.  Майрам дегенди билбей иштешет. Кыймылдуу эл келет, карыялар да кыбырап бир нерселерди кылып жүрө берет. Сылык, сыпаа, жумшак мүнөздүү болушат. Корейлерде бири бирин сыйлоо, этика нормаларын толугу менен сактоо, кичипейил болуу эң башкы сапат болуп саналат. Коопсуздук боюнча айтсак, полиция текшерип мазеңди ала бербейт. Анткени аэропорттон ар бир кишини көзөмөлдөп киргизет, элчиликтер да виза ачканда дыккан текшерет. Андыктан өлкө ичинде тартип сакчылары улам паспортуң менен «жумушка уруксат» кагазыңды сурай бербейт. Эл аралык маанилүү иш чара өткөрөөрдө гана текшериши ыктымал.

Мыйзамдын үстөмдүүлүгү күчтүү, аны корей президентинин «курбусунун мамлекеттик иштерге кийлигишкенинен улам» кызматтан алып, парламент импичмент жарыялагандыгын билсеңиздер керек. Мыйзам баарына бирдейм. Анан ушундай өлкөдө албетте өнүгүү, өсүү болот да. Чогуу иштегендер бары эле Кыргызстан жөнүндө биле беришпейт, андыктан мен өлкөмдү жакшы жагынан таанытууга, маданияттуу, тарбиялуу болуу далалаттанам. Кореяга иштегени келгендер, тилди өздөштүрүп, үйрөнүп келсеңиз жеңил болот демекчимин.

Гүлмайрам Сабирбекова, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17