Аймак

ӨРТ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

ӨРТ КЫРСЫГЫН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

 2,041 Бардыгы /

2019-жылдын 12-март күнү Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Багыш айыл аймагындагы Октябрь айылынын аймактык ооруканасынын кызматкерлерине практикалык окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Сузак райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнүн улук офицери капитан А. Иманов билдирди.

Түшүндүрүү иштери күнүмдүк турмушта «өзгөчө кырдаалдар жана өрт кырсыктары болгондо көрүлүүчү чаралар жана иш-аракеттер» деген темада өткөн.

Окутуунун жүрүшүндө өрт коопсуздуктун чаралары же өзгөчө кырдаалдар учурунда жана өрт кырсыктары болгон учурда баштапкы аракеттер, өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонуу тартиби жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан көрүлүүчү чараларды жана иш-аракеттерди оорукананын кызматкерлерине практикалык түрдө көрсөтүү жана жеткирүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17