Аймак

АЛЖИРДИН ПРЕЗИДЕНТИ БУТЕФЛИКА КЫЗМАТЫН ТАПШЫРДЫ

АЛЖИРДИН ПРЕЗИДЕНТИ БУТЕФЛИКА КЫЗМАТЫН ТАПШЫРДЫ

 1,372 Бардыгы /

Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика бир нече жумага созулган каршылык акцияларынан кийин шейшембиде кызматын тапшырды.

Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик агенттиги билдирди. Бутефликанын отставкасы тууралуу маалымат алжир армиясынын башкы штабынын башчысы Ахмед Гаед Салах аны кызматтан четтетүү боюнча токтоосуз түрдө чара кабыл алууга чакыргандан кийин пайда болду.

Аскер кызматкерлерин Бутефлика отставкага мөөнөтү бүткөн соң, 28-апрелде кетет деген билдирүү ынандырган эмес. Алар президенттен токтоосуз түрдө кызматын тапшырууну талап кылышты.

Алжир конституциясына ылайык, Бутефликанын отставкасынан кийин өлкөнү убактылуу түрдө парламенттин жогорку палатасынын спикери Абделкадер Бенсалах жетектейт. Президенттик шайлоо 90 күндүн ичинде уюштурулушу керек.

Мартта 82 жаштагы Бутефлика бешинчи президенттик мөөнөт үчүн ат салышуу ниетинен баш тартып, шайлоону апрелден башка маалга которгон.

Өткөн ишембиде жүз миңдеген демонстрант 1999-жылдан бери бийликте турган президенттин кызматтан кетишин талап кылып кайрадан көчөлөргө чыккан.

Бир нече жыл мурун катуу ооруга кабылган Бутефлика көптөн бери эл алдына көп чыкпай калган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17