Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,248 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков ЕККУнун төрагасы, Словакиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Мирослав Лайчак менен жолугушту. Кездешүү маалында Мирослав Лайчак менен Кыргызстан жана ЕККУнун өзарааракеттенүү, ошондой эле Кыргызстан менен Словакиянын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин кең-кесири талкуулашты. Кыргыз мамлекетинин башчысы Мирослав Лайчак менен учурашып, бүт словак эллин Словакия Республикасынын жаңы Президенти Зузана Чапутованын шайланышы […]
1,249 Бардыгы / БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков ЕККУнун төрагасы, Словакиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Мирослав Лайчак менен жолугушту. Кездешүү маалында Мирослав Лайчак менен Кыргызстан жана ЕККУнун өзарааракеттенүү, ошондой эле Кыргызстан менен Словакиянын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин кең-кесири талкуулашты. Кыргыз мамлекетинин башчысы Мирослав Лайчак менен учурашып, бүт словак эллин Словакия Республикасынын жаңы Президенти Зузана Чапутованын шайланышы […]
ЕККУнун ТӨРАГАСЫ ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
10.04.2019 / Автор aymak1,250 Бардыгы /
БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков ЕККУнун төрагасы, Словакиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Мирослав Лайчак менен жолугушту.
Кездешүү маалында Мирослав Лайчак менен Кыргызстан жана ЕККУнун өзарааракеттенүү, ошондой эле Кыргызстан менен Словакиянын эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин кең-кесири талкуулашты. Кыргыз мамлекетинин башчысы Мирослав Лайчак менен учурашып, бүт словак эллин Словакия Республикасынын жаңы Президенти Зузана Чапутованын шайланышы менен чын ыкластан куттуктады.
– Словакия демократиялык шайлоонун эң бийик үлгүсүн көрсөттү. Сиздердин Президентке жана өлкөгө мындан аркы ийгиликтерди гана каалайбыз! Биз эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу мындан ары ырааттуу өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даярбыз! —деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Кыргыз мамлекетинин башчысы андан ары эгемендүүлүктүн алгачкы күнүнөн тартып Кыргызстан өзгөчө шайлоо жараяндарын жана сөз эркиндигин өнүктүрүүдө ЕККУнун туруктуу колдоосун жана жардамын бекем сезгендигин ачыктады. Ошондой эле ЕККУнун Академиясынын ишмердигине токтолуп, аны мындан ары дагы тереңдеп, кеңейиши зарылдыгын – «Уникалдуу долбоор» деп атады.
-Биз өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн демократиялык жолуна,парламенттик демократиянын бекемделишине, жемкорлук менен аеосуз күрөшкө, адам укуктарын,эркиндиктерин жана сөз эркиндигин коргоого бекем турабыз! 2020-жылы демократиялык, таза, ачык парламенттик шайлоону өткөрүүгө толук кандуу даярбыз! —деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. –Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюро менен Кыргызстандын Жогорку Кеңешине боло турчу алдыдагы шайлоону ийгиликтүү өткөрүү үчүн тиешелүү жумушту уюштурууга абдан кызыкдар!
Ал эми ЕККУнун төрагасы Мирослав Лайчаканын сапары Кыргызстандын ЕККУнун вазийпасынын башталышынын 20 жылдыгына шайкеш келип калгандыгын дагы зор канааттануу менен белгиледи.
– Парламенттик демократиянын жолун тандаган Кыргызстанда абдан жагымдуу маанай байкалып турат. ЕККУ Сиздердин ишенимдүү өнөктөш жана дос,ар дайым тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана керектүү жардам берүүгө даяр! Сиздер туура жол тандадыңыздар —парламенттик демократиянын жолун тандаган өлкөлөр эң ийгиликтүү болуп саналат, — деп өзгөчө белгиледи Мирослав Лайчак.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана ЕККУнун төрагасы Мирослав Лайчак ошондой эле ЕККУнун жана Евро Биримдиктин алкагында социалдык-экономикалык кызматташтык боюнча пикир алмашышты. Мамлекет башчысы жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасы ЕККУ менен кызматташуунун темпин жана деңгээлин азайтпастан, мынданарыдагы ого бетер бекемдөөгө даяр экендигин баса белгиледи.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШТО 200гө ЧУКУЛ БАЙКЕР АТАЙЫН ЖҮРҮШ ЖАСАП, МОТОСЕЗОН АЧЫЛДЫ
-
25.05.2023 / Автор anarkan_kg АКЫРКЫ КОӉГУРООДО МИЛИЦИЯ КООМДУК ТАРТИПТИ КӨЗӨМӨЛДӨӨДӨ
-
02.06.2023 / Автор anarkan_kg ИЮНДА БЕНЗИН 3 СОМГО ЧЕЙИН КЫМБАТТАШЫ МҮМКҮН
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.