Аймак

ОШ «СЕМА-КЕМБРИДЖ» ЛИЦЕЙИ ОШТУК ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМИН КАТУУ ТЕКШЕРИП ЖАТКАН ЧАГЫ

ОШ «СЕМА-КЕМБРИДЖ» ЛИЦЕЙИ ОШТУК ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМИН КАТУУ ТЕКШЕРИП ЖАТКАН ЧАГЫ

 3,444 Бардыгы /

ОШ. Ош «Сема-Кембридж» лицейи ушул тапта Ош шаарынын жана Ош облусунун мектептеринде окушкан алтынчы класстардын окуучуларынын арасында сынак өткөрүүнү адатка айландырды. Бул туурасында аталган билим журтунун директору Шереф Сарыхан кабарчыбызга билдирди.

 – Окуучулардын билимин биз эки турда абдан катуу сынап жатабыз, – дейт Ош «Сема-Кембридж» лицейинин директору Шереф Сарыхан Шереф Сарыхан. – Биздин лицейде билим алууга умтулгандар абдан эле көп. Анткени, бүтүүрүчүлөрүбүздүн басымдуулугу дүйнөнүн ар кайсыл булуң-бурчунда абдан абройлуу жогорку окуу жайларында гана окуп жатышат. Көбү андан ары мыкты мекеме-ишканаларга дагы жайгашып, ал жактарда деле бизди уят кылбастан ойдогудай иштеп атышат.

Ош «Сема-Кембридж» лицейи 1992-жылы негизделген. Кыргызстандын түштүгүндөгү эң мыкты агартуу мекемелеринин бири болуп саналат.

 

         Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17