Аймак

ЖЕМКОРЛУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨН ТҮШКӨН КАРАЖАТТАРГА ЭМИ МЕКТЕПТЕР КУРУЛАТ

ЖЕМКОРЛУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨН ТҮШКӨН КАРАЖАТТАРГА ЭМИ МЕКТЕПТЕР КУРУЛАТ

 1,202 Бардыгы /

БИШКЕК. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок орто мектебине жана Бишкек шаарындагы №59-орто мектепке барганда айтылды.

Айтмакчы, өлкө башчысы мурда дагы бир нече мектептерге баш багып, алардын ал-акыбалы менен таанышкандан кийин жемкорлук менен күрөшүүдөн атайын эсепке түшкөн каражаттаржаңымектептерди, же кошумча окуу корпустарын курууга гана жумшалат деп кату убада кылган. Ошентип, былтыр жемкорлук менен күрөшүүнүн натыйжасында жалпы суммасы беш миллиард сомдон ашык акча каражаттары жана мүлктөр мамлекетке кайтарылган. Кыргызстандын Каржы министрлиги булл каражаттан керектүү сумманы ведомстволор аралык комиссиянын талдоосунун жыйынтыктары боюнча аныкталган Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерди жана кошумча корпустарды курууга багыттоодо.

                   Ошентип, Бишкек шаарындагы №12-мектеп-гимназия, №69-комплекс-гимназия, №54-орто мектеп, №18-орто мектеп, №59-орто мектеп, №72-орто мектеп-гимназиясы, №16-орто мектеп. Чүй облусундагы  Новопавловка орто мектеби, Атбашы орто мектеби,Орок орто мектеби, Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектеби, Төмөнкү Ала-Арча мектеби,Табылды Актанов атындагы орто мектеп, №2-Баранов атындагы орто мектеп, Ош шаарындагы №7-Нариман мектеп-гимназиясы жалаң гана ушул каражаттардын эсебинен курулмакчы. А болочокто мектептер жетишсиз башка аймактарга дагы ушул эле каражаттардан которуу жагы каралып жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17