Аймак

ТАШКЕНДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКИНЧИ ТУРИСТТИК КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

ТАШКЕНДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКИНЧИ ТУРИСТТИК КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

 977 Бардыгы /

ТАШКЕН. Ташкен шаарында Кыргызстандын Өзбекстандагы Экинчи көчмө туристтик көргөзмөсү – «Road Show» өткөрүлдү. Бул иш-чараны Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилиги, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм Министрлигине караштуу Туризм Департаменти, «Asia Expeditions» туристтик компаниясы жана Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү Мамлекеттиккомитети уюуштурушту.

«Road Show» аталышындагы Экинчи көчмө туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын Өзбекстандагы  ЭлчисиИбрагимЖунусов, Кыргыз Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм Департаментинин башчысы – министрдин Орун басары Дамир уулу Максат жана Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү Мамлекеттик комитетининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу Абдулазиз Аккулов сүйлөшүп, туристтик көргөзмөнүн катышуучуларына ак жол гана тилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын жана Өзбекстандын туризм тармагындагы тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Кыргыз Өкмөтүнүн Жалал-Абадоблусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, эки мамлекеттин 150дөн ашуун туристтик бизнесинин өкүлдөрү, мындан тышкары Өзбекстанда аккредиттелген дипломатиялык корпустун жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышышты.Экитараптуу (В2В)жолугушуулар жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн камтыган видеороликтердин көрсөтүүсү менен маалымат жыйынын дагы өткөрүштү.

Ошентип, Экинчи көчмө туристтик көргөзмөнүн жыйынтыгында жалпы жонунан 5 миллион АКШ долларына тете 300 чакты контрактка кол коюлду.

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17