Аймак

ЗЕЛЕНСКИЙ МАЛ-МҮЛКҮН ЖАНА 2018-ЖЫЛДАГЫ КИРЕШЕСИН ЖАРЫЯЛАДЫ

ЗЕЛЕНСКИЙ МАЛ-МҮЛКҮН ЖАНА 2018-ЖЫЛДАГЫ КИРЕШЕСИН ЖАРЫЯЛАДЫ

 1,389 Бардыгы /

Украина президенти Владимир Зеленский активисттер андан талап кылгандай,  2018-жылдагы кирешелери боюнча декларациясын жарыялады.

Зеленский жана анын аялы Киев облусундагы үйүн, жер тилкесин, Киев шаарындагы төрт батирин, Крымдагы батирин, үчүнчү жакка катталган Киевдеги эки батирин, Киевдеги эки унаа токтотуучу жайын, Крымдагы унаа токтотуучу жайын, үчүнчү жакка катталган Киевдеги эки унаа токтотуучу жайын, Улуу Британияда ижарага алган эки батирин, Италиядагы эки үйүн, Грузия мейманканалардагы он номерин (алар курулуп жатат) көрсөткөн.

Түйгөйлөр декларацияга эки автоунаасын (Range Rover и Mercedes-Benz S 500), он жуп саатын жана баалуу кагаздарын жазышкан.

Зеленский бир жылда 4 миллион 170 миң гривен (160 миң доллар) тапкан. Президент ПриватБанктагы 400 миң долларын, ОТП банктагы 1 млн. гривенин (38 миң доллар), накталай түрдөгү 190 миң доллар жана 100 миң евросун да ачыктаган.

Зеленский Украинанын президенти катары 20-майда ант берген.

«Президент – бул икона, сыйынуучу ыйык бир бут, портрет эмес. Андан көрө балдарыңардын сүрөттөрүн илип коюп, маанилүү чечим кабыл алардын алдында ошолордун көздөрүн карагыла», – деген Зеленский.

Зеленский 21-апрелде президенттик шайлоонун экинчи айлампасында мамлекет башчы Петро Порошенкону ишенимдүү жеңген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17