Аймак

ОБЛАСТТАГЫ ЭКИНЧИ ЗАМАНБАП СТАДИОН НООКЕНДЕ КУРУЛУП ЖАТАТ

ОБЛАСТТАГЫ ЭКИНЧИ ЗАМАНБАП СТАДИОН НООКЕНДЕ КУРУЛУП ЖАТАТ

 5,108 Бардыгы /

Эгемендүүлүк майрамына карата Ноокенде жаңы стадион колдонууга берилмекчи, 24 миллион сом бөлүнүп, курулуш иштеринин 60 пайызы бүттү.

Областтык, райондук фондтордон 10 миллион сом жана жергиликтүү бюджеттен 4 миллион сом каралып, 24 миллиондук долбоор жактырылган. Декабрь айында тендер жарыяланып, “Аян-Курулуш” компаниясы 18 миллион 100 сомго утуп алган. Учурда жумуштардын 60 пайызы аткарылып бүттү. Жаңы стадион эгемендүүлүк майрамына карата колдонууга берилмекчи. Аткаруучу компаниянын өкүлү Бакыт Токтосуновдун айтымында стадион эл аралык стандарттын талаптарына ылайык курулуп жатат. Ошондой эле газонду автополив системасы менен сугаруу киргизилет. Мындай шарт азырынча Кыргызстандагы футбол талааларында жок экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад областында бир гана эл аралык стандартка жооп берген заманбап стадион бар болчу. Ал Жалал-Абад шаарында жайгашкан Курманбек стадиону.

Роза Акматжан кызы 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17