Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,225 Бардыгы / Экс-президент Роза Отунбаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы тууралуу билдирүү таратты. Отунбаева бул процести 2016-жылдын ноябрь айындагы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракцясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Атамбаевге импичпент жарыялоо боюнча демилгесинин логикалык уландысы катары сыпаттады. Ал ошол эле жылы депутат Канатбек Исаев да Атамбаевге кескин сын айтып чыкканын эстеп, натыйжада экөө […]
1,226 Бардыгы / Экс-президент Роза Отунбаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы тууралуу билдирүү таратты. Отунбаева бул процести 2016-жылдын ноябрь айындагы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракцясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Атамбаевге импичпент жарыялоо боюнча демилгесинин логикалык уландысы катары сыпаттады. Ал ошол эле жылы депутат Канатбек Исаев да Атамбаевге кескин сын айтып чыкканын эстеп, натыйжада экөө […]
ОТУНБАЕВА: АТАМБАЕВ ӨЗҮНҮН САЯСИЙ БЕЧЕЛДИГИН КӨРСӨТҮҮДӨ
01.07.2019 / Автор aymak1,227 Бардыгы /
Экс-президент Роза Отунбаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы тууралуу билдирүү таратты.
Отунбаева бул процести 2016-жылдын ноябрь айындагы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракцясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Атамбаевге импичпент жарыялоо боюнча демилгесинин логикалык уландысы катары сыпаттады. Ал ошол эле жылы депутат Канатбек Исаев да Атамбаевге кескин сын айтып чыкканын эстеп, натыйжада экөө Атамбаевдин саясий куугунтугуна алынганын белгилейт.
Роза Отунбаева өз билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин ар бир чакырылышы ар кандай сын-пикирлерге кабылганын эске салып, азыркы шартта парламентти Алмазбек Атамбаев атайылап каралоого алганын кошумчалайт.
Отунбаева депутаттык комиссиянын «Атамбаев саясий куугунтукка алды» деген айыптоосунан Башкы прокуратура негиз таппай койгону өкүнүчтүү экенин, чынында Атамбаевдин тушунда анын атаандаштарына каршы иштер токулганын билдирет. Отунбаева Атамбаев саясий атаандаштарын өзү куугунтукка алган жол менен басып өтүшүн каалабай турганын, ага коюлган айыптар боюнча тергөө бейтарап жана калыс жүрүшү керек экенин айтууда.
«Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Ушул күндөрү Атамбаев укуктук аракеттерге каршы иштерге даярдык катары баалоого боло турган бир нече нерселерди айтып жиберди. Азыркы бийликти «бакиевдики» деп атоо менен ал бир гана нерсени – аймак аралык кастыкты козутууну, өлкөнү өз жана өзгө деп бөлүүнү көздөп жатат. Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан өзүнө тирүү коргон жасап, өзүнө карата ыкчам тергөө аракеттерине курал менен каршылык көрсөтөрүн билдирүүдө. Ал муну оппозициялык ишмердүүлүк жана жеке эрдик катары сүрөттөп жатат, бирок ал өзүнүн саясий чабалдыгын жана адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө», – деди Отунбаева.
Экс-президент буга улай Атамбаевди укуктук талаада күрөшүүгө чакырат.
«Ушул эле тергөөчүлөр, прокурорлор жана соттор менен өзү куугунтукка алган атаандаштарына, митинг өткөрбөй, өзүнүн актыгын сотто далилдөөгө ал өзү чакырып келген эмес беле? Саясий буйрук менен камакка алына турганын билип туруп, өзүнүн атынын актыгы үчүн күрөшүү үчүн Өмүрбек Текебаев Кыргызстанга келбеди беле? Аз күн мурдараак Армениянын президенти Роберт Кочарян үчүнчү жолу камакка алынып, бирок күнөөсүн мойнуна албаганына карабай, соттун чечими чыккандан кийин тергөөгө өз ыктыяры менен келди. Ал муну атаандаштары менен тарапташтарын кагыштырууну жана араң жеткен туруктуулукту бузуп алууну каалабай турганы менен түшүндүрдү. Мына, саясий лидерлердин жоопкерчилиги жана инсандын духунун бекемдиги. Алмазбек Атамбаев ушул саясатчыларды үлгү тутуп, өзүндөгү коомго болгон сый мамилени ойготсо болмок. Ошондо коом да ага карата кылмыш ишин жарандык көзөмөлгө алмак», – дейт Отунбаева.
Парламент 27-июнда мурдагы президент Атамбаевди кол тийбестик укуктарынан ажыратты. Атамбаев муну «демократияга балта чабуу» катары баалап, тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын билдирген. Ал 22-июнда да Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолугушкан учурда сүйлөп жатып, сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялаган.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg АТАТҮРК ПАРКЫНАН ЖЕР АЛГАН ЖАРАНДАРДЫН БИР ТОБУ ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛДЫ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg АДАХАН МАДУМАРОВ УКМКНЫН ТЕРГӨӨ АБАГЫНАН ЧЫКТЫ
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ КИТЕПТИН БЕТ АЧАРЫ БОЛДУ
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg УШУНДАЙ ЖЕТЕКЧИ БАР АРАБЫЗДА…
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.