Аймак

МАДУМАРОВ БАТКЕНДЕ ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ КАТУУ УБАДАЛАДЫ

МАДУМАРОВ БАТКЕНДЕ ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮ КАТУУ УБАДАЛАДЫ

 897 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров бул аймакта туризм, айрыкча кышында катуу өнүктүрүлөөрүн абдан катуу убадалады. Акрам Мадумаровдун айтымында, Өзбекстан менен чекара ачылгандан бери акыркы эки жылда Баткен облусуна каттагандардын саны дээрлик арбыды. 
– Быйыл эле Баткен облусун Фергана өрөөнүнүн жана Шахимардан анклавынын 200 миңдей тургундары көрүп кетишти, – деп кошумчалады Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров. – Аймакта туристтерди суктандырган кооз аянттарыбыз абдан толтура. Маселен, Айгүл гүлүн эле алалычы. Тилекке каршы, бул гүл он беш-жыйырма күн гана гүлдөйт. Ошого карабастан биз туризмди өнүктүрүүнүн башка дагы жол-жоболорунун үстүндө катуу иштеп жатабыз. Муну үчүн аймакта туруктуу бейпилдик, коопсуздук жана туризм боюнча дасыккан адистер абадай зарыл!  А инфратүзүм бизде кудайга шүгүр. Анткени, жолдорубуз жакшынакай! Көк-Талаа-Караван автоунаа жолунун курулушу кызыды. Бул бүткөрүлсө, ары-бери каттоо дээрлик жеңилдейт.
Акрам Мадумаров мында Баткен жана Исфара аэпорттору дагы эл үчүн кызматта экендигин ачыктады. Мындан тышкары Кадамжай районунун Айдаркен жергесинде кышкы лыжа туризмин жолго коюу дагы мерчемделип жаткан чагы.
Ошентип, соңку тапта Баткен облусунда Ата Мекендик жана чет өлкөлүк туристтерди аймактын кооз эжерлерине саякаттатуу жагы катуу каралып жаткан маалы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17