Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КАЗАКСТАНДЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ КАРИМ КОКРЕКБАЕВДИ КАБЫЛ АЛДЫ

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КАЗАКСТАНДЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ КАРИМ КОКРЕКБАЕВДИ КАБЫЛ АЛДЫ

 678 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Кыргызстандагы Элчиси Карим Кокрекбаевди анын өлкөбүздөгү дипломатиялык вазийпасынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Карим Кокрекбаевдин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердигин баса белгилеп,анын эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана жакшы коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салмактуу салымын өзгөчө белгиледи. Ошондой эле Карим Кокрекбаевге бардык жакшылыктарды жана мындан аркы ийгиликтерди гана тиледи.

Ал эми Карим Кокрекбаев бул жолугушууга терең ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигин жүргүзүүдө боордош элдин жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун ачык сезгендигин дагы жашырган жок.  Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерин бекемдөөгө болгон билимин жана тажрыйбасын колдонгондугун баса белгиледи.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17