Аймак

ЖАҢЫ-ӨЗӨНДҮН ТУРГУНДАРЫ БИЙЛИКТЕН ЖУМУШ ТАЛАП КЫЛУУДА

ЖАҢЫ-ӨЗӨНДҮН ТУРГУНДАРЫ БИЙЛИКТЕН ЖУМУШ ТАЛАП КЫЛУУДА

 674 Бардыгы /

20-январда Казакстандагы Жаңы-Өзөн шаарынын 200гө жакын тургуну мунай ишканаларына жумушка орноштуруу талабы менен жергиликтүү акимчилик имаратынын алдына чогулду. Бул тууралуу шаардагы активисттердин бири Нурсултан Нурумов билдирди.

Анын айтымында, акция катышуучуларын кабыл алган калаа башчынын орун басары бул маселени кароого бир ай убакыт берүүнү өтүнүп, аларга тизме боюнча жумушка орношууну сунуштады. Бирок чогулгандар бийлик өкүлүнүн жообуна канааттанбай, талаптар аткарылмайынча мындай акцияларды уланта беришерин билдиришти.

Жаңы-Өзөндүн башчысы Максат Ибагаров акимчилик өкүлдөрү чогулгандар менен жолукканын, учурда алардын тизмеси түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, азыр шаардагы мунай компанияларында бош орундар жок. Ал жумушсуз жарандарды мамлекеттик тейлөө ишканаларына ишке орноштуруу маселеси каралып жатканын кошумчалады.

Расмий маалыматтарга караганда, Жаңы-Өзөндө 151 миңге жакын адам жашайт. Шаарда газды кайра иштетүүчү ишкана жана «КазМунайГаз» мамлекеттик компаниясына таандык «Озенмунайгаз» ишканасы жайгашкан.

2019-жылдын башында Жаңы-Өзөн шаарында жумушсуз жарандардын нааразылык акциялары өткөн. Митингге чыккандар анда да бийликтен жумуш менен камсыз кылууну талап кылып, жаштардын көйгөйүнө көңүл бурууга чакырышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17